Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУсиление санитарного контроля в аэропорту Внуково в связи с коронавирусом
Усиление санитарного контроля в аэропорту Внуково в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги бардык категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды үч күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Кыргызстандын чек арасынан өткөндөрдү карантинге алуунун шарты өзгөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды да биринчи категориядагыдай эле обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бирок мөөнөтү үч күн болот.

"COVID-19 инфекциясына текшерүүнүн анализдери таза чыкса, келген жарандар үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргызстанга келгендер коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү", — деп жазылат билдирмеде.

Мындай чара өлкөдө коронавирустун тарап кетпешине бөгөт коюу максатында көрүлдү.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Медициналык маска кийген Италиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Карантинди бузгандарга вилланын баасындай айып пул салынат. Европа мисалы
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0