Үч күн ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктар атайын учак менен алып келинет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖүргүнчү самолет Boeing 787-9 Dreamliner. Архив
Жүргүнчү самолет Boeing 787-9 Dreamliner. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер үч күн ичинде каалоочулардын бардыгын алып келүүгө мүмкүндүк болбой калса, кошумча каттамдар андан аркы күндөргө дагы киргизилет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Үч күн ичинде Кыргызстанга чартердик каттам менен чет өлкөдө жүргөн үч миңден ашуун кыргызстандык алып келинет. Бул тууралуу онлайн-брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Эске салсак, өкмөт коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында 20-марттан тарта Кыргызстандагы туруктуу авиакаттамдарды токтоткон.

Мындан улам чет жердеги мекендештерди алып келүү үчүн жергиликтүү жана бир катар чет элдик авиакомпаниялар менен келишим түзүлдү.

"Биз "Аэрофлот", "Уральские авиалинии", "Сибирь", Flydubai жана "Авиа Трафик" компаниялары менен сүйлөштүк. Булар үч күн ичинде бир нече каттамдан аткарып, чел өлкөдөгү мекендештерди жеткирип берет", — деди Акышев.

Дарыгерлер коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 6 адамдан коронавирус табылды
Анын айтымында, каттамдар аткарыла баштады. Мисалы, бүгүн "Аэрофлот" компаниясы Бишкек жана Ош шаарларына төрт каттам, "Уральские авиалинии" компаниясы эки каттам аткарды. Кечке чейин дагы бир нече каттам күтүлүп жатат.

Маалыматка караганда, эгер үч күн ичинде каалоочулардын бардыгын алып келүүгө мүмкүндүк болбой калса, кошумча каттамдар андан аркы күндөргө дагы киргизилет.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-март күнү коронавирус пандемиясын жарыялаган. Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 275 миңден ашты. Ал эми Кыргызстанда азырынча 12 адам катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0