Коронавирус табылган Сузактагы айыл тургунунун маеги. Эл үйдөн чыкпай калды

© AFP / SAJJAD HUSSAINСитуация в Нью-Дели из-за коронавируса
Ситуация в Нью-Дели из-за коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Благовещенка айылынан ааламды сестентип жаткан коронавирусту жуктуруп алган кишилердин бар экени анык болду. Аталган кыштактын тургуну жашоо бир нече саатта эле кантип өзгөрүп кеткенин айтып берди.

"Мен деле бир топко чейин коронавируска ишенбей, аны жок жерден ойлоп тапкандай сезе берчүмүн. Качан гана коңшуларды алып кеткенин укканда иш чатак экенин түшүндүм", - деп баштады телефондон Благовещенканын жашоочусу. Маектешибиздин атын белгилүү себептерден улам өзгөрттүк.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дене табы түшүп, көтөрүлүп. Сузактагы коронавирус жуктургандардын абалы
— Мен Сузактын Благовещенка айылынын жөнөкөй эле жашоочусумун. Эки күн мурда коңшуларыбыздын вирусту жуктуруп алгандыгы анык болду. Алар Умрадан келип, үйүндө бир нече күн болушкан. Кийинчерээк денеси ысып, андан соң ооруканага алып кетишти. Эки жума мурда кетип, ошол күнү Бишкектен келдим эле. Келсем айылдын баарын карантинге жаап, өзгөчө кырдаал жарыялап салышыптыр.

Кошуналардын канынан вирус чыккандан кийин баарын текшере башташты. Беш миңге жакынбыз, бири-бирибизди тааныйбыз, жакшы билебиз, киришип-чыгышып турабыз.

—ЖМКлар аларга жанындагылар менен байланышпа дегенге болбой, ажыдан келгенден кийин түлөө кылды деп жазышты...

— Башынан айтып берейинчи. Аларга башкалар менен байланышта болбогула деп медиктердин айткан-айтпаганын деле билбейм. Аэропорттон текшерип, үйүнө коё беришиптир. Келгенден кийин чынында эле эл чакырып, түлөө кылышкан. Алардын бирөөнүн үйүнө 600гө чукул киши келген экен. Мен Бишкекте болгондуктан барбай калганмын. Үйдө жүрсөм, албетте, мен да барат элем да.

Элестетип көрсөңүз, аэропорттон коё беришти, ар ким үйүнө ар кандай жол менен келди. Менимче, башкаларга коркунуч жаратабыз деп деле ойлошпогон чыгар.

—Коңшусу ооруп калганын билген айылдаштар кандай мамиле кылышты?

Чектөөдөн кийин Ош шаарынын базарлары бош калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Чектөөдөн кийин Ош шаарынын базарлары бош калды. Видео
— Эгерде чынын айтсам, жергиликтүү эл коронавирус бир аз апыртылып айтылып жаткандай мамиле кылып жатышкан. Адаттагы сасык тумоонун белгилериндей эле экен. Андан соң интернетте дүрбөлөң башталды. Социалдык тармактагылардын жазгандары көп нерсени чечип кетти окшойт. Айылдагылар дарбып, дарыканалардан дары, дүкөндөн азык-түлүк сатып ала башташты. Коркуп, үйлөрүнөн чыкпай да калышты. Бизде жаштар көп болгондуктан, кичинекей балдар арбын. Алар көчөнү чаңдатып, чурулдап, чуркурап ойноп жүрүшчү. Оору чыкты деген күнү кошуналар коронавирустан коркуп, айылдын көчөлөрү ээн калды.

Бүгүн гана (20-март) эшикке, огородго чыгып, оокат кыла башташты. Эл бири-бири менен кол булгалап, алыстан учурашып калды. Баарынын оюнда "бул балакет тезирээк бүтсө экен" деген тилек турат.

— Элдин эшикке чыгышына эмне себеп болду?

— Менимче, башка кыштактардан вирус табылбаптыр деген кабар тынчтандырды окшойт. Маалымат айдыңындагы бирде тынчтандырган, бирде элди дүрбөлөңгө салган кабарлар абалды оорлоштуруп жатат. Жогоруда айткандай, мен деле акыркы учурларга чейин мынчалык кооптуу экенине маани бербептирмин. Элдин коронавирустан чын эле кабары жок. Калк буга жоопкерчилик менен мамиле кылышы үчүн бир топ иштер жасалышы керек экен. 

© Видео / Youtube / Штаб КоронавирусКак в Сузаке дезинфицируют улицы — видео
Коронавирус табылган Сузактагы айыл тургунунун маеги. Эл үйдөн чыкпай калды - Sputnik Кыргызстан
Как в Сузаке дезинфицируют улицы — видео

— Өзгөчө кырдаалдан кийин айылда жашоо кандай жакка өзгөрдү?

— Бизге карантиндин 14 күн болорун айтышты. Дарыгер ар күнү эртең менен келип баары анализ тапшырууда. Мурундун ичинен да алып жатышат. Чыккан жыйынтыгы айылдыктардын таза экендигин көрсөттү.

Ооруну жуктургандар жашаган үйдү улам-улам дезинфекция кылып жатышат. Менин билгениме караганда, химиялык зат менен алар турак жайын күнүнө эки ирет тазалап чыгышы керек.

Кыргыз Республиканын аскерлери блокпост жанында турат. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал деген эмне жана андагы укуктар менен милдеттер. Түшүндүрмө
Кантип чачып жаткандыктарын билбейм, бирок үйдөгүлөр эшикке чыкпайт. Кечээ өрт өчүрүүчүлөрдүн машинасы менен дезинфекция кылды эле, бүгүн тракторго тагып алып чачышты.

Алтыга чукул блок-пост коюшту. Көчөгө чыкпайбыз. Тыюу салынган деле эмес, бирок тосулган жерден өтпөшүбүз керек. Аптекага кош бойлуулар же ооруп жаткан адамдарга барганга гана уруксат берилген.

Бизден үйдөн чыкпаш керектигин, айтылган эрежелерди угуш керектигин жөн-жай айтып, адамча түшүндүрүп суранышты. Кытайда маселени чечти го, бизде деле ошондой болсо экен деп ниет кылып турабыз. Эми эл жоопкерчилик менен мамиле кылып калат деп ойлойм.

Эл азык-түлүктү жанталашып сатып ала баштап, дүкөндөр кадимкидей ээн болуп калган. Кечээ депутаттар ун, күрүч жана май таштап кетти. А баса, маска да ала келишиптир. Коронавирус чыкты деген кабардан кийин бардыгы дарыканалардагы маскаларды талап кетиптир. Жергиликтүү кеңештин депутаттары алып келген бет каптар деле баарына жетпей калды. Кийинчерээк сүйлөшүп жатып дагы алып келишиптир, бирок анысы сатылат экен.

— Айылдагы бет каптар азыр канча сом болуп жатат?

— Алты сом. Кыргызстан боюнча маска жок болуп жатат деп уктум. Бизде бир күнгө бирден гана бет кап берип жатат. Аны да жазылып алабыз.

— Жеке сиздин жашооңуз акыркы күндөрү кандай болуп өзгөрдү?

— Коронавирустан улам азыр үйдө болуп жатам. Мунун баары аягына чыгат, биздин айылга мурдагыдай бейкапар жашоо келет деп ниет кылып турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0