Азык-түлүктүн баасын атайын көтөргөндөр жазаланат! Боронов чукул жыйын өткөрдү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов
Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов чукул кеңешмеде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевӨкмөттүн чукул кеңешмеси
Азык-түлүктүн баасын атайын көтөргөндөр жазаланат! Боронов чукул жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн чукул кеңешмеси

Анын айтымында, өкмөт алгачкы күндөн тартып өлкөгө коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча гана эмес, экономикалык туруктуулукту сактоо багытында дагы иштеп жатат.

"Бирок кечээ айрым базарларда азык-түлүк массалык түрдө сатып алынып жатты. Бул коңшу республикада коронавируска чалдыккандар аныкталган алгачкы учурдан жана тамак-аштын жетишсиздигинен коркуу толкунунан улам чыккан психологиялык факт. Бирок муну жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгында пайдаланып жатышат. Алар үчүн ашыгы менен киреше табуу жарандардын тынч жашоосунан да маанилүү. Ошондуктан учурда тиешелүү мамлекеттик органдар мындай учурларды аныктап жана аларды жоюунун үстүндө иштешүүдө. Бардык мамлекеттик органдарга, облустук жана райондук жетекчилерге кечээки болгон окуя кайталанбашы үчүн базарлардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырдым. Бааларды атайылап жогору көтөргөндөр үчүн чара көрүлөт, алар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышат", — деди Боронов.

Биринчи вице-премьер өлкө боюнча айыл чарба жана азык-түлүк продуктуларынын запасы жетиштүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Экономика министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери "ФРУНЗЕ", "Глобус", "Народный", "АЛМА", "Яр-Марка" жана "Городской базар" сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

Работа Ортосайского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ундун баасы жөнгө салынды! Мэрия өкүлдөрү ун саткан жайларды кыдырды
"Учурда өлкө товарлар жана азык-түлүк менен жетиштүү көлөмдө камсыздалган. Айрым учурда баалардын жогорулашын эске албаганда, жалпысынан нарктын кескин көтөрүлгөн учуру жок, болгону айрым продукциянын түшүмү жыйналганга чейин баасынын жогорулашы сезондук мүнөзгө ээ", — деди биринчи вице-премьер.

Эскерте кетсек, 13-март күнү кечтен тарта Бишкектин айрым дүкөндөрүндө, базарларда кезек күткөндөр көбөйүп, соцтармакта унду талап алып кетип жаткандардын видеолору тараган. Айрымдар ундун бир кабы 2000 сомго чейин сатылып жатканын айткан.

Бүгүн мэриянын кызматкерлери Ленин райондук администрациясы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен ун саткан бир катар базар, кампаларды кыдырып, баа жөнгө салынып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0