Атайын кийимчен медиктер Бишкектин тургунун алып кетишкен. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышкан. Ал 6-март күнү Канада – Стамбул – Бишкек каттамы менен мекенине келген.

БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Канаданын Торонто штатындагы эл аралык конференцияга катышкан Кыргызстандын жараны кечээ күнү дене табы көтөрүлүп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаран мекенине кайткандан кийин иш-чаранын уюштуруучулары Торонто штатындагы конференциянын катышуучуларынын биринен коронавирус аныкталганын айтышкан.

Буга чейин соцтармакта жарандын үйүнө медиктер келген сүрөт тараган.

Чара көрүү алгоритмине ылайык, жерине Тез жардам кызматы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте барышкан.

Бейтаптан мазок алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгы азырынча чыга элек. Учурда жаран Бишкектеги ооруканалардын биринде кармалууда. Абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0