11:03 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1421)
253 0 0

Медициналык максатта колдонула турган товарлар кургатылган жемиштин алдына катылган. Алар 100 миң бет капты алып кетүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга 1,4 миллион сомдук медициналык бет капты алып чыгып кеткенге аракеттенишкен деп билдиришти КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Коргоочу костюм кийген оорукана кызматкерлери. Архив
Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы
Контрабандалык товарды бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү менен чек арачылар кармаган.

Алар 33 жаштагы кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу Volvo автоунаасын токтотуп текшерген. Чек ара отряды кургатылган жемиштердин алдына катылган медициналык бет капты таап чыккан. Ал жерден документи жок 95 миң 600 медициналык товар чыккан.

Коронавирустан улам өкмөт Кыргызстандын аймагынан дары жана медициналык каражаттарды алып чыгып кетүүгө алты айга чейин тыюу салган.

Учурда Финансы полициясы товардын кайдан алынганын жана ким тарабынан сыртка кетип бара жатканын иликтеп жатат.

COVID-19

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды. Ал эми расмий маалыматтарда Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандар жок.

11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1421)

Тема боюнча

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус тууралуу маалыматы. Видео
Кытай ТИМи: Уханга коронавирусту АКШ аскерлери алып кириши мүмкүн
Белгилер:
бет кап, чек арачы, пандемия, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ