18:08 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1428)
233710

Саламаттык сактоо министри коронавирус 14 күндүн ичинде билинерин жана аны өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Коронавирус Кыргызстанда билинбей, аныкталбай жүрүшү мүмкүн эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Sputnik агенттигинин кабарчысы "Кыргызстан кошумча 15 өлкөдөн келгендерге үй карантинин жарыялаганга чейин кирип кеткендер коронавирус жуктурушу жана ал аныкталбай жүрүшү мүмкүнбү?" деген суроо узатты.

"Коронавирус 14 күндүн ичинде билинет жана аны өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Андыктан эгер Кыргызстанда кимдир бирөө бул вирусту жуктурган болсо, билинбей калмак эмес", — деди министр.

Буга чейин Чолпонбаев ушул тапта Кыргызстанда коронавирус боюнча канча киши медициналык жайларда, канча киши үй карантининде экенин айтып берген. Ошондой эле ал ооруканалардын даярдыгы тууралуу маалымат берген.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1428)

Тема боюнча

Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
Коронавирус: Кыргызстанда канча киши карантинге алынганы айтылды
Белгилер:
Космосбек Чолпонбаев, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ