00:01 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1464)
216 0 0

Бишкек шаарында жалпы 68 мечиттин бардыгы кезек-кезеги менен күнүнө эки жолу дезинфекциялана тургандыгы айтылды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери башталды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Сотрудники министерства здравоохранения во время дезинфекции мечетей в Бишкеке
    Кыргызстанда коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери башталды
    © Фото / пресс-служба ДУМК
  • Сотрудники министерства здравоохранения во время дезинфекции мечетей в Бишкеке
    Алгачкылардан болуп баш калаадагы борбордук мечитке сууга кошулмасы бар дары-дармек чачылган
    © Фото / пресс-служба ДУМК
  • Сотрудники министерства здравоохранения во время дезинфекции мечетей в Бишкеке
    Эскерте кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген
    © Фото / пресс-служба ДУМК
  • Сотрудники министерства здравоохранения во время дезинфекции мечетей в Бишкеке
    Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери башталды.
    © Фото / пресс-служба ДУМК
1 / 4
© Фото / пресс-служба ДУМК
Кыргызстанда коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери башталды

Алгачкылардан болуп баш калаадагы борбордук мечитке сууга кошулмасы бар дары-дармек чачылган.

"Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө эки жолу дезинфекцияланат", — деп жазылган маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери башталды.

Манас аэропортундагы жүргүнчүлөрдү коронавируска текшерүү. Архив
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Коронавирус декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Ал арада дүйнөнү кооптондуруп жаткан бул вирус менен күрөшүү жолдору каралууда. Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1464)

Тема боюнча

Түркияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды
Коронавирус боюнча карантинге алынгандар Воронцовкадагы санаторийге жөнөтүлөбү?
Белгилер:
дезинфекция, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ