Бишкек милициясы эртеңки митингде чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМитинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция уюштуруучуларды дагы мыйзамды бузбай, калаа жашоочуларына ыңгайсыздык жаратпашы керектигин эскерткен.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык милиция эртең, 10-мартта, боло турган тынчтык митингинде элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Билдирүүнү ШИИБ таратты.

"Социалдык тармакта эртең Бишкекте боло турчу митингдин уюштуруучуларына карата агрессивдүү чакырыктар көп болуп жатат. Буга байланыштуу шаардык милиция элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Ал эми митингдин уюштуруучулары ченемдик-укуктук актылар менен мыйзамды сактап, калаанын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратпашы керек", — деп айтылат маалыматта.

Шаардык милиция милдетине ылайык кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыз кыла турганы кошумчаланды.

Сот учурундагы балка менен судья. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаардык сот Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин жокко чыгарды
Буга чейин уюштуруучулар социалдык тармактарда эртең, 10-мартта, саат 12:00дө Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында "Зордук-зомбулукка каршы" аталышындагы тынчтык акциясы болорун жазышкан.

Эске салсак, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен. Натыйжада коомдук тартипти бузууга катышкан 11 кишиге 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып салынды

Жаңылыктар түрмөгү
0