21:02 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Коом
Кыскача шилтеме алуу
165901

Мамлекеттик каттоо кызматы "Унаа" мекемесинин эки кызматы эмне себептен арзандаганын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу кызматы жана автоунааны кайра каттоо арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, эми жарандар айдоочулук күбөлүктү мурдагыдай 724 сомго эмес, 540 сомдон (банктын комиссия акысын кошкондо) алып башташат.

Ал эми автоунааны мурдагыдай 1900 сомдон эмес, 1716 сомго кайра каттатса болот.

Адатта автоунаа каттатып жатканда кыймылдаткычынын көлөмү жана чыккан жылына өзүнчө салык төлөнөт. 1716 сом андан сырткаркы баа.

Эгер автоунааны бир райондогу каттоодон чыгарып, башка райондон каттатса, бул кызмат акысыз болот. Буга чейин 184 сом төлөнүп келген.

Тема боюнча

Бишкек: айдоочулук күбөлүк берген бөлүмдүн дареги өзгөрдү
Белгилер:
Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ