Окуучулар жазгы каникулга качан тарайт? Министрликтин жообу

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планы боюнча окуучулардын эс алуусу 10 күнгө созулат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 21-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын мектептери жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирме боюнча, окуучулар министрликтин базистик окуу планына ылайык эс алышат.

Министрлик окуучулар 10 күн эс алышарын, 31-мартта окуу баштала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0