12:39 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги (25)
34101

Каныбек Осмоналиев түрмөдө кармалып жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров менен кошо митингден кийин кармалган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Саясатчынын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту бүгүн, 5-март күнү, тандады.

Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо үчүн уюштурулган митингдин катышуучуларын башаламандыкты уюштуруп, милиционерлерге баш ийбей, аларга таш ыргытууга жана шаардыктардын мүлкүн зыянга учураткан аракеттерге түрткөн деп шектелүүдө. Мындан тышкары, Ак үйдүн аймагына кирүүгө жана бийликти басып алууга аракеттер болгону айтылды.

Осмоналиев Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров менен кошо кармалган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине кол салды деп шектелип митингге катышкан аял колго түшүрүлгөн. Дагы бир тарапташы УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылган.

2-март күнү "Ала-Тоо" аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митинг болуп өттү. Нааразы болгондор адамдарды барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,5 жылга кесилген Жапаровду бошотуп, соттук реформа жүргүзүүнү, насыяларды жеткиликтүү кылып, чек ара көйгөйүн чечүүнү, ошондой эле коронавирустун алдын алчу чараларды күчөтүүнү талап кылышкан. Кечке маал митинг көзөмөлдөн чыгып, милиция анын катышуучуларын күч менен тараткан. Натыйжада бир нече адамдын жабыркаганы айтылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, башаламандыктан кийин шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнө 166 киши алып келинип, анын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренелеринин ("Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.

 

Тема:
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги (25)

Тема боюнча

Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына которууга болбойт. ЖАМКтын түшүндүрмөсү
ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды
Бишкектеги митингге катышкан аял УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Белгилер:
сот, тергөө абагы, УКМК, Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаров, митинг

ЭҢ МААНИЛҮҮ