Кыргызстанда эт кымбаттады. Себебин Экономика министрлиги түшүндүрдү

Жазылуу
Министрликтен билдиришкендей, өлкөдө эттин кымбатташына кыргыз-кытай чек арасынын жабылышы эмес, базарда малга болгон суроо-талаптын күчөгөнү себеп болууда.

Кыргызстанда февраль айында эттин баасы кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалымат Кыргызстан боюнча калк жашаган 18 пункттан алынган. Ага ылайык, уй этинин республикада орточо баасы 2,13 сомго (0,6 пайыз), кой эти 8,35 сомго (2,7 пайыз) жогорулады.

Супермаркеты в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды
Мисалы, эң кымбат уй эти Кара-Суу (1 килограммына 358 сом), Ош (352 сом) жана Бишкек шаарларында (356 сом). Ал эми минималдуу баалар Талас (305 сом), Кара-Балта (316 сом) менен Покровка айылында (300 сом).

Койдун эти кымбат шаарлар Жалал-Абад (354 сом), Кара-Суу (358 сом) жана Ош (354 сом). Арзаныраактары Каракол (277 сом), Бишкек шаарлары (307 сом) жана Покровка айылы (300 сом).

Мындан улам Sputnik Кыргызстан эт рыногундагы абалга көз салып көрүүнү чечти.

Эттин кымбатташына Кытайдын таасири барбы?

Кытайдагы коронавирустун айынан кыргыз-кытай чек арасы узак убакытка жабылган соң кыргызстандык ишкерлер айрым товарлар тартыш болуп, кымбаттай баштаганын айтып чыгышкан. Ал эми эттин кымбатташына дагы Кытайдын таасири барбы деген суроолор пайда болду.

Бишкектеги Ош базарында 15 жылдан бери эт саткан ишкер Мирлан Асанов (өзүнүн өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү — ред.) ал иштеген жерге Кытайдан делип уйдун эти келерин айтат.

"Жумасына бир нече ирет муздаткычы бар автоунаалар уйдун сулп этин алып келишет. Кесиптештер аны Кытайдан келет деп айтышат. Болжол менен бир айдан бери ошол машиналар каттабай калды. Ушундан уламбы, айтор, эт азайып, базарда баалар бир аз көтөрүлдү", — деди соодагер.

Буга чейин мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков дагы "мурдагы жылдары Кыргызстанга Кытайдан арзан эт келип жүргөнүн, эгер алар азыр деле келсе, чек ара жабылышынын айынан эттин баасы көтөрүлүшү мүмкүн" экенин айткан.

Бирок Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциянын Кытайдан куш этинен башка эт таптакыр кирбей турганын айтышты.

Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздабайт

Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт?
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин билдиргенине караганда, сырттан алынган эң негизги азык-түлүктөрдүн арасында эт дагы бар. Кыргыз фермерлери өлкөнү эт менен 80 пайызга гана камсыздай алат.

Калган эт (кой, уй, чочко) жана эт азыктарын ири көлөмдө Казакстан, Белоруссия, Украина жана Россиядан алабыз. Ал эми куш этин Кытай, АКШ, Түркия, Литва сыяктуу алыскы жана жакынкы мамлекеттерден импорттойбуз.

Экспорт

Ошол эле учурда Кыргызстан бир нече өлкөгө кой этин, ич эт жана колбаса азыктарын экспорттойт. Мисалы, 2019-жылга чейин Иранга козу эти жөнөтүлүп келсе, былтыртан тарта кыргызстандык ишкерлер бул товарына Бириккен Араб Эмирлиги жана Кувейттен кардар тапкан. Мындан тышкары, бир топ жылдан бери Вьетнам менен Түркияга малдын ич этин жөнөтүшөт. Анын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 1000 тоннадан ашыгын вьетнамдыктар алат. Мындан тышкары, былтыр Казакстанга 171,4 тонна колбаса жөнөтүлгөн. 

Өзүбүзгө эт жетишсиз болуп жатса, эмнеге аны сыртка чыгарабыз деген маселени буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Эмил Токтошев козгогон. Ага айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев азыр базар экономикасы экенин, этти сыртка сатып иш кылган ишкерлерге тыюу сала албай турганын айткан.

Эт эмнеге кымбаттап жатат?

Биз башында кеп кылгандай, кыргыз-кытай чек арасынын жабылып турушу Кыргызстанда эттин кымбатташына эч кандай таасир этпей турганын Экономика министрлигинен айтышты.

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев - Sputnik Кыргызстан
Уйлар кандын рагына кабылып айлабыз кеткен. Бишкектик окумуштуу менен маек
Аймактар боюнча соода анализи, ишкерлик жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Замира Осмонова буга малдын кымбаттап жатканы себеп экенин билдирди.

"Биздин иликтөөлөргө караганда, коңшу Казакстан Нарын облусундагы жана Кара-Балта шаарындагы мал базарлардан уй жана койлорду ири көлөмдө сатып алып кетүүдө. Албетте, суроо-талап өскөн сайын товар дагы кымбаттайт эмеспи", — деди Осмонова.

Ошондой эле ал мал баасынын көтөрүлүшүнө тоюттун жаз алды менен кымбаттап кетиши дагы себеп болуп жатканын кошумчалады.

Казакстанда мал азбы?

20-февраль күнү Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары бир жыл ичинде этке болгон баа 16-17 пайызга көтөрүлүп кеткенин жазышты. Буга өлкөдө этке жарачу малдын аз экени себеп болуп жатканын Айыл чарба министрлигине  шилтеме берип Sputnik Казакстан маалымдады. Министрлик былтыркы жылы бодо малды сыртка көп сатылып кеткенин моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0