Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова

© Фото / студия "Кенч"Кыргыз эл артисти Алтынбек Максутов жана жубайы эмгек сиңирген артист Таалайкан Абазова балдары менен
Кыргыз эл артисти Алтынбек Максутов жана жубайы эмгек сиңирген артист Таалайкан Абазова балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" — Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы рубрикасы. Анда чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, балдары тууралуу сөз болот.

Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова Кыргызстандагы белгилүү жубайлар. Экөө тең жөн адамдар эмес. Бири эл артисти болсо, экинчиси эмгек сиңирген артист. Иштин майын чыгарган чыгармачыл жубайлар Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын коногу болду.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАлтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова Кыргызстандагы белгилүү жубайлар. Экөө тең жөн адамдар эмес. Бири эл артисти болсо, экинчиси эмгек сиңирген артист.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова Кыргызстандагы белгилүү жубайлар. Экөө тең жөн адамдар эмес. Бири эл артисти болсо, экинчиси эмгек сиңирген артист.

— Алтынбек Аскарович, жакында эле КР эл артисти наамын алдыңыз. Сыйлыгыңыз кут болсун! Жасап жаткан иштериңизге, жаратып жаткан ийгиликтериңизде Таалайкан эженин да салымы болсо керек?

Алтынбек Максутов: — Сөзсүз. Жубайым менин чыгармачылыгымды колдоп 2014-жылдан бери кино тармагында гана иштеп, театрды токтотуп койгон. 2013-жылдан баштап көп спектаклдерди коюп, чыгармачыл иштерди жасап келе жатам. Бул учурда үй-бүлөдөгү бардык нерсени, бардык кыйынчылыктарды көтөрүп келе жаткан — Таалайкан. Ал үчүн жарыма ыраазычылык билдирем. Көзү жокто деле айтып жүрчүмүн. Негизи эле жаш кезимден чыгармачылыкта жол көрсөтүп келе жатат.

Алып баруучу Мирхамид Токтогул жана эркин журналист, алып баруучу Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул
Таалайкан Абазова: — Мен да эл көзүнчө жолдошумду сыйлыгы менен куттуктап кетейинчи. Алтышка чындыгында бул наамга татыктуу, ак эмгеги менен алды. Мурда "Эл артисттери" биз үчүн кол жеткис эле. Азыр ал наамды биз да алдык, ыраазыбыз. Чыгармачылыгыма салым кошкон, сынчым, биринчи эле судьям ушу киши. Эгер жараткан образдарым бул адамга жакса, андан мактоо уксам башкаларын ойлобой калам. Себеби Алтышка көңүлүмө карабайт, таамай, так айтат. Жолдошумду чоң режиссёр катары баалайм. Ошондуктан анын баасы, ою мен үчүн биринчи орунда турат.

— Алтынбек Аскарович, сизге Таалайкан эженин кайсы образы жагат?

А.М.: — Театрда көп эле мыкты ролдорду жаратты. Таалайкандын аткарган образдарын көрүп аябай таң калып, баа берчүмүн. Мисалы, "Өзөктөгү өрт" спектаклинде жараткан ролу. Ал учурда биз бирге окучубуз, ойногон образын көрүп ичимен "бул кыз киного ылайыктуу экен" деп ойлоп койгом.

Т.А.: — Мени ошондо эле көрдүң беле?

А.М.: — Ооба.

Т.А.: — Азыр биринчи жолу айтып жатат мага.

А.М.: —Буга чейин эле айткам (күлүп). Жубайымдын "Суук тумшук" спектаклинде жараткан апанын ролу, "Кут каган", "Каркыранын канатындагы" спектаклиндеги образдары жагат. "Кожожашта" Зулайканын образын да ийине жеткире аткарган.

Эгер сен начар актёр же актриса болсоң киного да эч ким чакырбайт. Режиссёр убактысын бекер нерсеге короткусу келбейт. Так жана бат түшүнгөн артистти тартууга аракет кылышат. Таалайкандын көп киного тартылып жаткан себеби да ушунда болсо керек.

© Фото / из личного архива Алтынбека МаксутоваЧыгармачыл жубайлардын үч баласы бар: ортончусу эркек, экөө кыз.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Чыгармачыл жубайлардын үч баласы бар: ортончусу эркек, экөө кыз.

— Тагдыр табыштырган күн эстен кетпесе керек...

Т.А.: — Ал күндү куда-сөөк, ата-энелерибиз чогулганда дайыма кеп кылышат. Экөөбүз тең Москвада окууга чогуу тапшырып калдык. Москвага жөнөп, аэропортто отурабыз. Жанымдагы кыздар-балдар жүктөрүн мага каратып коюп эки жакка тарап кетишти. Жанымда бир эже отурган. Көрсө, ал менин болочок кайненем экен. Бир маалда Алтышка экөө комуз менен аэропортту жаңырта ырдап киришти. Андайды биринчи көргөн жаным таң калып эле карап калдым. Ырдап бүтүп Алтышка ары басып кеткенде апасы мага "балам айылдан жаңы келген, көз сала жүр ээ" деп калды. Мен дагы "коркпоңуз, өзүм карап жүрөм" деп жооп бергем. Көрсө, тагдыр экөөбүздү ошондо эле кошуптур.

Залкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым
А.М.: — Окуйм деп биринчи Искусство институтуна баргам, бирок аскердик билетим жок албай коюшту. Шаабайым сууп жолдо келе жатсак астыбыздан жердеш байкеге жолугуп калдык. Ал "Москвага окууга алып жатыптыр, сынагына катышып көр" деди. Орусча билбей эптеп кирип, бирок өтүп кеткем. Москвага 16 жашымда бардым. Чогуу окугандардын эң эле жашы мен болчумун. Баары жумшачу. Таалайкан экөөбүз 2-курсту бүтүп калгандан баштап сүйлөшүп баштадык.

Т.А.: — Алтышканы ал жактагылар "комузчу бала" деп койчу. Ал кыздардын баарынын тилин таап, көбү ага сырын айтчу. Менден башкасынын баары эле жумшады окшойт.

— Агай колуңузду кантип сурады эле?

Т.А.: — Бул киши жасалмалуулукту жаман көрөт. Кол кармашып, жетелешип баскандарды көрсө "демонстрация кылбай эле койбойбу" дей берчү. Мага болсо романтика жагат. Сезимдерибизди сөзү жок сүрөттөй эле түшүнгөнбүз. Кыз-жигит экенибизди көбү билчү эмес. Шек алдырчу эмеспиз.

А.М.: — Таалайкан экөөбүз төрт жыл сүйлөштүк. Москвада окуу жайды бүтүп келгенден кийин эки жыл бул жакта иштедик. Ошентип төрт жылдан кийин баш коштук.

Т.А.: — Алтышка менен өзүмдү эркин алып жүрчүмүн. Кызганчу эмес. Берген белектери да өзгөчө эле. Акчаны кайдан чогултканын билбейм, бир ирет туулган күнүмдө магнитофон белек кылган. Андан кийин "туулган күнүмдү өткөрбөйм" деп жүрсөм, 30 кишиге ылайыктап дасторкон жасаттырып коюптур. Айтор, маанай көтөрүп, таң калтырганды билчү.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТаалайкан Абазова: Алтышка менен өзүмдү эркин алып жүрөм. Кызганчу эмес. Берген белектери да өзгөчө. Айтор, маанай көтөрүп, таң калтырганды билет.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Таалайкан Абазова: Алтышка менен өзүмдү эркин алып жүрөм. Кызганчу эмес. Берген белектери да өзгөчө. Айтор, маанай көтөрүп, таң калтырганды билет.

— Экөөңүздөр тең чыгармачылык менен үйдү бирге алып жүрөсүздөр. Баарына кантип жетишип келесиңер?

А.М.: — Экөөбүз тең 20 жыл Арсен Өмүралиевдин театрында иштедик. Ал жакта аскердик тартип болчу. Таң атпай саат 7лерде туруп, бир күндө 4-5 спектакль койчубуз. Үйдө деле театр жөнүндө сүйлөшөбүз, жумушта деле, достор менен да театр тууралуу сүйлөшмөй. Ошентип театрда жүрүп кыйын жашоону көрбөй калыптырбыз. Башкалар нанга акча таппай жүргөн мезгилде биз элге руханий азык беребиз деп дүйнө кыдырдык. Ошол нерсе да жашообузга, бүлөгө таасирин тийгизди окшойт. Театрыбызга депутат, министрлер келчү. Жаңыча көз караштагы театр болгондуктан, мен-мен деген, Чыңгыз Айтматов баштаган атактуу инсандар келди. Аскар Акаев да болуп, жаңы спектаклдерди көрүп кетчү. Ошентип сахна, театр деп жүрүп кеч балалуу болдук. Үй-бүлөбүзгө апам, бир туугандарым чоң колдоо көрсөттү. Алар азыркыга чейин каралашат. Эки жак тең чыгармачылыкты колдогон адамдар.

— Казан-аяк кагышкан учурда кантип элдешесиңер?

Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
А.М.: — Чынын айтсам, үйдө анча чоң деле жаңжал чыккан жок. Жаңы үйлөнгөндө бири-бирибиздин мүнөзүбүздү түшүнгөнчө 3-4 жылга чукул таарынышуулар болду. Бирок кыйын убактарда театр дүйнөсүндө жүрүп көп нерсени байкабай калыптырбыз. Урушкан учурлар сенин эсиңде барбы, Таалайкан? Аял кишилер сезимтал болчу эле...

Т.А.: — Жок, андай чоң нерсе деле болгон жок. Жолдошумдун сабыры бекем. Мен эле таарына берчүмүн. Күнөө менден кетсе деле таарына берчүмүн (күлүп).

— Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн өзгөчөлүгү болот экен. Айрымдары бош убакыт таап "балдар саатын" өткөрсө, кээ бири жаратылыш койнуна чыгып кеткенди жакшы көрүшөт. Сиздердечи?

А.М.: — Азыр уктасаң уйку канбай, убакыт тез өтүп жаткан кез. Таң атат да кеч кирет. Эч нерсеге жетишпейсиң. Мага да, Таалайканга да көп сунуш түшүп жаткан кез. Бирок экөөбүз тең убакыт таап, балдар менен жаратылышка же башка жакка чыкканга аракет кылып калдык.

Улуу кызым орус мектепте окучу. 7-класска келгенде такыр эле кыргызча сүйлөй албай калганын байкап, дароо кыргыз мектепке которгонбуз. Балдарым бир бөлмөдө тыгылбай, чыныгы жашоо эмне экенин көрсүн деп айылга көчүп кеттик. Шаардагы тамды сатып Канттын үстүндөгү айылдан үй алдык. Өзүм чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгондуктан, балдарым да ушундай тарбия алсын деп ата-энемди колума алып алгам. Тилекке каршы, азыр атам жок, көзү өтүп кетти. Апам болсо балдарыбызды карашып кашыбызда. Дагы бир окуя эсиме түштү, айтып берейинби?

© Фото / студия "Кенч"Алтынбек Максутов: Өзүм чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгондуктан, балдарым да ушундай тарбия алсын деп ата-энемди колума алып алгам. Тилекке каршы, азыр атам жок, көзү өтүп кетти. Апам болсо балдарыбызды карашып кашыбызда.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Максутов: Өзүм чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгондуктан, балдарым да ушундай тарбия алсын деп ата-энемди колума алып алгам. Тилекке каршы, азыр атам жок, көзү өтүп кетти. Апам болсо балдарыбызды карашып кашыбызда.

— Сөзсүз.

А.М.: — Айылда жашап жүргөндө мен шаарга барып-келип иштечүмүн. Жумуштун көптүгүнөн үйгө анда-санда барар элем. Ошентип жүрүп кичүү кызым мени тааныбай калыптыр. Анда ал эки жашка чыгып калса керек.

Т.А.: — Ооба, экиге чыгайын деп калган. Атасы жумуштан айлап келбей калчу. Бир күнү чарчап келди деп залга өзүнчө төшөк салып койгонбуз. Кызыма "атаңа барып жакшы жат деп айтып кел" десем, "апа, ал кишиден корком, мени алып жатып алат" деп айткан эле.

А.М.: — Ал үйгө тез-тезден барып турабыз. Убагында мал бактык, азыр жерин иштетебиз. Жаңы жылда туугандардын баары чогулуп алып майрамды ошол жактан өткөрүп турабыз.

Т.А.: — Жайкысын апам балдарды айылга алып кетет. Боз үй тигип, кыргыздын каада-салттарын үйрөтөт, эс алышат. Шаарга 2014-жылы көчүп келгенбиз.

А.М.: — Айылга ырахат алуу үчүн барабыз. Анын үстүнө ал жакта атам тиктирген теректер бар. Алардын шуудураган үнүн укканда кадимкидей эс алам.

— Алтынбек Аскарович, кезинде Маданият министрлигин да жетектеп калдыңыз. Чыгармачыл чөйрөдө жүрүп протокол менен жашап калуу кыйын болгон жокпу?

А.М.: — Мамлекеттик кызмат көп нерсеге тыюу салат экен. Убактың кенен эмес, мамлекеттин адамына айланасың. Күн чалабы, түн чалабы баарына даяр болушуң керек. Оңой эмес жумуш. Ушундай учурда үй-бүлөңдүн колдоосу биринчи кезекте турат. Анткени эл менен аралашып, эл аралык маанилүү иш-чара, жолугушууларга чыгып баштагандан кийин кийимиң, бут кийимиң, сүйлөгөн сөзүң баары талаптагыдай болушу керек. Таалайкан ошол мезгилде бардык жумушун токтотуп, мени менен гана алек болуп калган. Төртүнчү баласына айлангам. Үй-бүлө жакындарыма "ашыкча баспагыла, сүйлөбөгүлө, барбагыла" деп калгам. Өзүм армияга барган эмесмин. Мамлекеттик кызматка барып армияга баргандай эле болдум, бирок эч нерсеге өкүнбөйм.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАлтынбек Максутов: Айылга ырахат алуу үчүн барабыз. Анын үстүнө ал жакта атам тиктирген теректер бар. Алардын шуудураган үнүн укканда кадимкидей эс алам.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Максутов: Айылга ырахат алуу үчүн барабыз. Анын үстүнө ал жакта атам тиктирген теректер бар. Алардын шуудураган үнүн укканда кадимкидей эс алам.

— Кайсы бир кызматка сунуш түшсө бармак белеңиз?

А.М.: — Сунуш көп эле түштү, бирок мен чыгармачылыкты тандадым. Анткени бала чактан бери ушул чөйрөдө жүрөм, ушул чөйрөдө жашайм. Ал эми мамлекеттик кызматтарга татыктуу жаштар көп, ошолор келиши керек.

— Бала тарбиялоодо басымды эмнеге жасайсыздар? Балдарды какыс-кукус кылып коюш керек деген нерсеге көз карашыңар?

Т.А.: — Бизди ата-энебиз чыбык менен сабачу. Ошол себептен кичинемде "балалуу болгондо аларды урбайм" дей берчүмүн. Негизи бала чектен ашып баратса, какыс-кукус кылып коюш керек. Бирок өзүмдүн балдарымды билем, аларга мактоо гана жарашат. Мактап койсок ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберишет. Баары сезимтал, катуу айтсак көздөн жаш кетет. Айрыкча кичүү кызыбыз. Баланы өтө деле эркелетип кереги жок деп ойлойм.

Гүлүм Касымова менен жолдошу Бактияр Мамбетказиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны
А.М.: — Биз эми Совет доорунун балдарыбыз да, ал кезде тарбия башка болчу. Мугалим же ата-энең сабаса да унчукчу эмеспиз. Азыр баланын, ата-эненин укугу өзгөрдү. Балдар башка. Ар биринин кыял-жоругуна жараша мамиле жасоо керек деп ойлойм. Биз балдарга чыбык колдонгон жокпуз. Сөз менен эле түшүндүрөбүз.

Т.А.: — Балдарыбыздын ортолору алыс да. Ошол себептен да аларды көп урушпайбыз. Улуу кызыбыз атасына жакын. Бул киши менен кеңешип оокат кылат.

А.М.: — Үч балабыз бар. Ортончусу эркек, экөө кыз. Улуу кызым азыр "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинде синхрондук котормо бөлүмүндө окуйт. Жайкысын ар кандай сынактарга катышып чет мамлекеттерге барып иштеп келет. Быйыл Германиядан иштеп, окуусуна, кийим-кечесине тыйын таап келиптир.

— Байкасам Таалайкан эже сизди өзгөчө эркелетет экен. Сизчи?

А.М.: — Театрда жүргөндөн баштап эле достордун баары Таалайканды "Танка" дешчү. Мен да ошентип эркелетем. Антип айтпай калсам таарынат.

Т.А.: — "Таалайкан" десе жаман угулат. Башында "эмнеге Танка, танкадай болбой эле турат го" деп айтышчу. Мен болсо ага көнүп калгам. Ушундай эркелеткени жагат. Мен абышкамды "Алтышка" деп коём.

Жаңылыктар түрмөгү
0