Баланы 1-класска мектепке каттоонун шарты өзгөрдү. Жаңы эреже

Жазылуу
Электрондук каттоо 15-февралдан тартып Кыргызстандын беш шаарында иштей баштады. Алар Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта калаалары.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Балдарды 1-класска электрондук каттоо системасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды 11-класска чейин окууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды
Маалыматка ылайык, өткөн жылы мектепке 1-класска алгач микроучастокто жашагандар кабыл алынса, эми жаңы эреже боюнча микроучастоктордогу мектепке аталган аймакта жашагандар да, андан сырт жашагандар да баласын бир убакта каттай алат. Баланы каттоо 15-августка чейин уланат.

Бишкек шаарынан сырткары электрондук каттоо 15-февралдан тартып Кыргызстандын беш шаарында иштей баштады. Алар Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта калаалары.

Жаңылыктар түрмөгү
0