00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жүргүнчүлөр ыйлап жатышты. Японияда кармалган лайнердеги кыргызстандык жигиттин маеги

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүDiamond Princess круиздик лайнери. Архив
Diamond Princess круиздик лайнери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушу тапта Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашты.

Ал коронавирус жуктуруп алганы боюнча маалыматты четке какты. Эскерте кетсек, ЖМКлар кармалып турган лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги маалыматтын туура эмес экенин айткан. Кеме 5-февралдан бери карантинде. Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 700 адам бар, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

Мекендеш аты-жөнүн ачыктоодон баш тартты. 

Кыргызстандыктын айтымында, анын бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон. Ал эми вирус тууралуу алгач укканда эч ким паникага алдырган эмес.

"Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды", — деп айтып берди кыргызстандык жаран.

Мекендеш жумуштун басымдуу бөлүгү официанттарга туура келгенин белгиледи. Анын айтымында, жүргүнчүлөр менен официанттар гана сүйлөшө алган. Алардын кимиси вирус жуктуруп алганы белгисиз эле.

Кытайлык дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: жуктургандар, сакайгандар жана көз жумгандар. Акыркы маалымат
"Барган сайын официанттардын саны азая берди. Вирус жуктуруп алышы мүмкүн делгендерди алып кетип жатышты. Мен кемеден кетип кала алган жокмун, досторум, кесиптештеримдин бири да кеткен жок. Ушундай кыйын кырдаалда кантип басып кетет элек. Айтор, кете албай койдум. Жүргүнчүлөргө тамак ташып келип, алардын абалын көрүп жаттык, көбүнүн ыйлаганына күбө болдук. Ушунчалык боорум ооруду, бирок мен деле алар менен чогуу болчумун да. Капитаныбыз колдоо көрсөтүп, биздин эрдик жасап жатканыбызды айтып, биздин дарекке жолдонгон ыраазычылык каттарды окуп берип жатты", — деди мекендеш.

Мекендештин айтымында, аны кимдир бирөө издейт деп деле ойлогон эмес.

"Мени Кыргызстандын консулдугу издейт деп ойлобоптурмун, бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Баарынын эле элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө", — деди ал.

Кыргызстандык жигит карантиндин мөөнөтү 29-февралда аяктай турганын, эмгек жамааттын бир бөлүгүн, арасында биздин мекендеш да бар, коё бериши керектигин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0