Кыргызстанда Путиндин "бир жыныстуу ата-эне" боюнча пикири колдоо тапты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын саясатчылары менен коомдук ишмерлери россиялык лидердин "бир жыныстуу ата-эне" боюнча пикирине комментарий беришти.

Буга чейин Владимир Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун иштеп жаткан жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда ал мамлекет башында турган кезде Россияда "бир жыныстуу ата-эне" деген түшүнүк болбой турганын белгилеген. Ошондой эле балдардын "апасы жана атасы" гана болорун кошумчалаган.

Бир катар батыш өлкөлөрүндө расмий анкеталарда "ата" жана "эне" деген графага "ата-эне" деп гана жазган практика иштеп келет. Мисалы, АКШда мындай тартип 2011-жылы кабыл алынган. Францияда болсо 2019-жылы Улуттук кеңеш расмий документтерге "ата" жана "эне" деген сөздү колдонууга каршы добуш берген. Алар муну "бир жыныстуу ата-энелер дискриминацияга учурап жатат" деп түшүндүрүшкөн. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бир жыныстуу ата-энелердин көбөйүшүнөн улам болгон.

Экс-премьер-министр жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Феликс Кулов Владимир Путиндин бир жыныстуу нике боюнча айткандарына кошулду.

"Россия туура чечим кабыл алды, мен анын пикирин толугу менен колдойм. Биз деле бир аз мурда ушундай тыянакка келгенбиз. Тагыраагы, Кыргызстандын Конституциясы менен Үй-бүлөлүк кодексинде "үй-бүлө — бул эркек менен аялдын ортосундагы нике" деп жазылган. Анда бир жыныстуу нике сыяктуу башка түшүнүктөр жок", — деди Кулов.

Экс-премьер-министр, саясатчы Темир Сариев дагы бир жыныстуу никеге каршы.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРге жынысын алмаштыруу үчүн Казакстан менен Өзбекстандын жарандары келүүдө
"Табият эркекти эркек, аялды аял кылып жаратарын жакшы билебиз. Эркектер тукум улашы керек. Бул нерсе ислам болобу, христиан болобу бардык динде айтылган. Акыркы убакта ушул багыт боюнча коомчулукка кысым жасалууда. Салттуу үй-бүлөнү сактоо демилгесин колдойм. Эгер андан баш тартсак, убакыт өткөндөн кийин жыйынтыгы аянычтуу болуп калат. Кыргызстан каада-салтты бекем сактаган өлкө. Бизде жазылбаган мыйзамдардын таасири күчтүү", — деди саясатчы.

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, "бир жыныстуу ата-эне" деген түшүнүк менен башка либералдык реформалар мамлекеттин жок болушуна алып келет.

"Албетте, Владимир Путин туура кадам жасап, Россиянын дени сак, тарыхый тенденциясын сактоого белсенип жатат. Эркек жана аял деген жыныс сакталышы керек, бул социумдун өнүгүшүндөгү стратегиялык чоң тема. Либералдык толкун жыныс түшүнүгүн бузуп, натыйжада, үй-бүлөнү анан мамлекетти жок кылат. Ал эми Путиндин демилгеси коомду чыйралтат", — деди саясат таануучу.

Ал ошондой эле Кыргызстанда дагы ушундай каршы туруулар бар экенин айтты. Ал эми Россия берген үлгү Евразия чөлкөмүндө жашагандарга таасир этип, өзүнүн тарыхый өң келбетин сактап калууга жардам берерин белгиледи. Ошондой эле глобалисттер мамлекеттин пайдубалы болгон үй-бүлөнү бузгусу келип жатканын кошумчалады.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путинге "Батышты кыйратууга" ким жардам берет? Батыш серепчилеринин билгилиги
Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонддун директору, тарых илимдеринин кандитаты Эсен Усубалиев россиялык лидердин пикирин колдой турганын баса белгиледи.

"Путин туура айтты! Мындай кадам анын президенттик мезгилинде жасаган ийгиликтеринин жыйындысы болуп калат. Ал кеткенден кийин россиялыктар Батыштын гендердик мүнөздөгү зыяндуу таасирине чалдыкпайт. Бул Россиянын келечек муунуна кедергисин тийгизбөөгө шарт түзөт", — деди Усубалиев.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин мурдагы жетекчиси Нурхан Жумабаева дагы россиялык лидерди колдоду.

"Менин жеке пикиримде Путин туура айтты. Себеби биз үчүн үй-бүлөлүк баалуулуктар биринчи орунда турат. Орто Азияда ата-энеге болгон сый-урмат жогору. Бизде бир жыныстуу ата-эне" деген түшүнүк болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан толугу менен колдойм", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0