16:40 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15693 0 0

Өткөн жылдын аягында окуучуларды жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынганы белгилүү болду. Ага ылайык, 9-класстан кийин окуудан баш тартууга тыюу салынат. Демек, 11-классты бүтүрүп же кесиптик окуу жайларга сөзсүз тапшыруу керек болот.

Аталган мыйзам 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Муну менен ар бир бала 11-класска чейинки программаны окууга милдеттүү болуп калат. Ал эми азыркы мыйзамдар боюнча 9-классты бүткөндөн кийин окубай койгондорго кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жагдайдын күңгөй-тескейин карап чыкты.

Жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев демилгелеп чыккан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мунун эң негизги максаты - жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу экенин билдирди.

 Заместитель министра образования КР Надира Жусупбекова во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
"Балдар 9-класстан кийин мектепти же колледжди, болбосо кесиптик-техникалык окуу жайларды тандашы керек. Орто билим алганы тууралуу күбөлүк берүү токтотулбайт. Мурда кесипке гана даярдаган колледж, лицейлер милдеттүү түрдө 10-11-класстын программасын киргизиши шарт. Ошон үчүн 2022-жылга чейин мөөнөт берилди", — деди Жусупбекова.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты

Азыркы мыйзам боюнча мектеп 9-класска чейин гана окутууга милдеттүү. Мындан улам кээ бир мектептердин администрациясы жетишкендиги начар окуучуларды 10-класска албай, көчөгө чыгарып коюшууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-2016-жылдарга карата статистикасына ылайык, жыл сайын 9-классты 98 миң окуучу бүтүрөт. Анын ичинен 64 миңи окуусун мектептен улантып, 21 миңи колледж жана кесиптик лицейлерге тапшырат. Муну менен өлкөдө бир жылда эле 13 миң бала жалпы же кесиптик билим алуудан баш тартарын билүүгө болот.

Жаш муунга татыктуу тарбия жана билим берүү, кылмыштуу чөйрөнүн таасиринен калкалоо бир эле адамдын эмес, мамлекеттин келечегине кам көрүү болуп саналат. Андыктан 10-11-классты милдеттүү түрдө окутуу мыйзамы кабыл алынды. Ушундай эле мыйзамдар кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Россияда иштейт.

Азыркы мыйзамдын кесепети

Тиешелүү билим деңгээлинин жоктугу жаштарга социалдык жана экономикалык жактан терс таасирин тийгизет. Биринчи кезекте жогорку билимдүү адистердин тартыштыгына алып келет.

9-класстан кийин окубай койгондордун курагы 15-16 жашта болгондуктан бир жерде иштей албайт. Себеби Эмгек кодексинде 18 жашка чейинки балдарды жумушка алууга тыюу салынган.

Өспүрүм курак — өткөөл мезгил болуп саналат. Эгерде өспүрүм окуу, спорт жана башка пайдалуу иштер менен алектенбей, ошондой эле чоңдордун көзөмөлүсүз калса көчө жашоосуна аралашып, кылмыш жасашы ыктымал. Бекер жүргөн жаштар жаман иштерге азгырылып кетиши толук мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин 2010-2016-жылдарга карата берген маалыматына ылайык, жыл сайын орто эсеп менен өспүрүмдөр жасаган 980 кылмыш катталат.

Мыйзам иштеши үчүн канча акча керек

Мыйзамды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларга бюджеттен кошумча 757 миллион сом керектелет.

  • Жалпы билим берүү уюмдарына (мектеп) 182,5 миллион сом;
  • Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына 277,3 миллион сом;
  • Орто кесиптик билим берүү уюмдарына (колледж) 297,2 миллион сом.

Окубай койгон балдарга кандай чара көрүлөт?

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 9-класстан кийин балдардын кайда жүргөнү тыкыр көзөмөлгө алынарын белгиледи.

"Май жана август айларында окуучуларды каттоого алабыз. Ошондо 9-класстан кийин мектепте каларын же кесиптик окуу жайларга тапшырарын айтышат. Андан соң сентябрда текшерүүгө алынат. Бекер жүргөн балдар аныкталса ата-энесине барабыз. Бул жаатта айыл өкмөт, социалдык кызматкерлер жана милиционерлер да иш алып барат. Окубай койгондор мыйзам бузган адам катары саналат", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал мыйзамда балдардын чет өлкөгө чыгып кетишин көзөмөл кылуу киргизилбей калганын кошумчалады. Мындан улам алардын чек арадан өтүшүнө бөгөт коюу мыйзам актысын иштеп чыгуу маселеси каралууда.

Тема боюнча

Жаштарды жумушка алган ишкананы салыктардан бошотуу сунушталды. Жол-жобосу
Станбеков: "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" долбоору ишке ашат
Ата-эне акча чогултпай калабы? Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамынын жол-жобосу
Белгилер:
милдет, мыйзам, мектеп, окуучулар, билим берүү, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ