Ошто ажырашкан кызынын себин алып кеткен энеге соттун өкүмү чыкты

© Sputnik / Эмиль СадыровЖууркан-төшөктөр. Архив
Жууркан-төшөктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
50 жаштагы аял жолдошу менен барып мурдагы кудагыйынын үйүнүн кулпусун талкалап, он жыл мурун турмушка чыккан кызына берген себин алып кетип калган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ажырашып кеткен кызынын себин алып кеткен аял сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя 2019-жылдын сентябрь айында Ош облусунда болгон. Анда 50 жаштагы аял жолдошу менен барып мурдагы кудасынын үйүнүн кулпусун талкалап кирип, он жыл мурун турмушка чыккан кызына берген себин алып кетип калган.

Сот отурумунда 55 жаштагы жабырлануучу, мурдагы келининин энеси көптөн бери сандык, төшөнчүлөрдү талап кылып келгендигин айткан.

"Келиним уулумду чанып кетип калгандыктан ачуум келип анын оокаттарын бербей койгом. Кудагыйым аны көптөн бери сурап жүргөн. Кылмыш болгон күнү алар 5-6 адам болуп келип, кулпуну талкалап, үйгө кирип 110 миң сомдук буюмдарды көтөрүп кетип калган. Кийин төшөк, килемдерди кайтарып берди", — деп көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү ишти карап чыгып, кылмышка шектүү жаранга 40 миң сом айып салып, 400 сомго кулпу алып берүүгө милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0