Авто адис тайгакта тормозду басуудагы каталарды санап берди

© AFP / JOHANNES EISELEКар жолдогу автоунаа. Архив
Кар жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пименов тайгак жолдо эң негизги эрежелер — шашпоо, аралыкты сактоо жана ойду бир жерге топтоо экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россиялык автоэксперт Илья Пименов тайгак жолдо айдоочулар тормозду басуу менен кандай жаңылыштыктарды кетирерин айтып берди. Адистин пикирин "За рулем" журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Унаасын жылуулап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышта жуубай жүрө бербе! Автоунааны иштен чыгара турган зыяндуу беш адат
Анын айтымында, айдоочунун тайгактагы негизги каталарынын бири — ручникти тартып жиберүү. Мындайда арткы дөңгөлөктөр кыймылсыз болуп калат дагы автоунаа таят. Ушул учурда руль туура эмес буралса, машина капталды көздөй кетет.

Ошондой эле айдоочу ABS системасы сыяктуу кылам деген ой менен тормозду бат-баттан баскылай бергени туура эмес. Адистин пикиринде, адам баласы тормозду баскан жагынан АВС системасынын күчү жана жөндөмүнө теңеле албайт.

Мындан тышкары, Пименов тайгак жолдо эң негизги эрежелер — шашпоо, аралыкты сактоо жана ойду бир жерге топтоо экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0