09:58 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13301 0 0

21-январь күнү социалдык тармактарда аялдын дарыгердин иш бөлмөсүндө чатак чыгарган видеосу тараган. Ал эми бүгүн дарыгер Октябрь райондук милициясына ал келинге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерине кол көтөрдү деген келин Келбеткан Өмүрбек кызы Sputnik агенттигинин кабарчысына окуя тууралуу өз пикирин билдирди.

Эске салсак, 21-январь күнү социалдык тармактарда аялдын дарыгердин иш бөлмөсүндө чатак чыгарган видеосу тараган. Ал эми бүгүн дарыгер Октябрь райондук милициясына ал келинге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Үч жашар балам сыркоолоп, дене табы түшпөй койгонунан өзүбүздүн аймактык №12 байтапканага кайрылганбыз. Ал жактан дароо эле №3 балдар ооруканасына барып жатышыңар керек деп жолдомо беришти. Анткени балам мурда карышып калма оорусуна кабылган. Невролог менен гематологдун каттоосунда турабыз. Дарыгерлер дене табы 38 градустан көтөрүлбөш керек деп айткан. Уулумдун температурасы 39 градус болуп кеткендиктен коркконуман шашып, ооруканага жатабыз деген ой менен барган элем", — деди Өмүрбек кызы.

Анын айтымында, дарыгерлер себебин түшүндүрбөй эле кабыл алуудан баш тартышкан.

"Бул жактагы балдарга оору жугузасыңар, жугуштуу оорулар ооруканасына баргыла деп ороңдой баштаганда, мен да кармана албай калдым. Ал ортодо колуман градусник түшүп сынып кетти. Ошондо медик мага кыйкыра баштады. "Өткөндөгү келиндей уят кылам" деп телефонун алып чыкканда, мен аны колунан жулуп алдым. Көрсө ага чейин эле мени видеого тартып жатышыптыр", — деди келин.

Бирок ал "дарыгерди тилдеди, кол көтөрдү" деген маалымат туура эмес экенин айтты. Ошол эле учурда медик анын бетин тытып алууга аракет кылып, чачынан кармаганын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал бүгүн, 22-январь күнү, милицияга кайрылып, эки дарыгердин жана видеону тараткан ЖМКнын үстүнөн азыр жазганын билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүрбек кызынын уулу учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

Тема боюнча

Ооруканадагы чатак: милиция врач менен урушту делген аялды издеп жатат
Белгилер:
пикир, Чыр-чатак, дарыгер, келин, оорукана, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ