Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова. Архив
Россиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял кош бойлуу кезинде жолдошу менен Россияга келген. Бирок кийинчерээк күйөөсү ижарага алынган үйгө аялын таштап, өзү Кыргызстанга кетип калган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова эгиз ымыркайлуу болгон аялын карабай таштап кеткен кыргызстандык кишинин жубайына жардам көрсөттү. Бул тууралуу акыйкатчынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, аял кош бойлуу кезинде жолдошу менен Россияга келген. Бирок кийинчерээк күйөөсү ижарага алынган үйгө аялын таштап, өзү Кыргызстанга кетип калган. Жубайына бир дагы сом берген эмес.

"Ноябрь айында аял эгиз кыз төрөгөн. Бир айга жетпеген убакыттан кийин ымыркайлардын дене табы көтөрүлүп ооруп калган. Эне кыздары менен Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Балдар жети айлык болуп төрөлгөндүктөн Кыргызстанга учуу кооптуулук жараткан. Буга байланыштуу келин балдар акыйкатчысына кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Кузнецова кайрымдуулук фонддордун бирине кайрылып, аялга колдоо көрсөттү. Учурда ал балдары менен баш калкалоочу жайда жашап жатат. Ошондой эле Кузнецова Кыргызстан менен болгон Меморандумга ылайык, үй-бүлө тууралуу маалыматты Кыргызстандын акыйкатчысына жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0