Кыргызстанда бир кишинин саламаттыгы үчүн жылына 43 доллар бөлүнөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПроизводство лекарств на фармацевтическом предприятии «Оболенское"
Производство лекарств на фармацевтическом предприятии «Оболенское - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев министрлик 2019-жылы тушуккан көйгөйлөргө токтолгон.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы саламаттык сактоо жаатындагы башкы көйгөй — бөлүнгөн акчанын аздыгы. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтты.

Анын айтымында, бир кишинин медициналык тейлөөсүнө жылына бөлүнгөн каражат коңшу мамлекеттердикине салыштырмалуу дээрлик 10 эсеге аз.

"Бизден көп учурда эмне үчүн көрсөткүчүңөр коңшулардыкына караганда төмөн деп сурашат. Анткени бир кыргызстандыктын саламаттыгы үчүн жылына 43 доллар бөлүнөт, ал эми Казакстанда 400 доллардын тегерегинде, Россиянын аймактарына жараша 650дөн 700 долларга чейин акча каралган", — деди Каратаев.

Лечение кори в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Россия кызылча дартына каршы 100 миң доза вакцина берет
Министрдин орун басары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча мамлекеттик саламаттык сактоо системасын өз калыбында кармап туруу үчүн өлкөнүн ИДПсынын беш пайыздан кем эмес өлчөмү бөлүнүшү керектигин белгиледи. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 2,7 пайызды гана түзөт, эл аралык донорлордун каржылоосун эске алганда 3 пайызга чамалап барат.

Каратаев өз сөзүндө былтыркы жылдын жыйынтыгы менен төрөттөн каза тапкан аялдардын саны азайганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0