Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека
Митинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жапаровдун жатак колониясына которула турганын адвокаты тастыктаган. ЖАМК ички иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жогорку соттун экс-депутат Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому анын мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна же жатак колониясына которулуусуна жол бербейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта ушул жылдын февралында Молдовановкада жайгашкан абакта жазасын өтөп жаткан Жапаровдун жатак колониясына которулары маалымдалган документ тараган. Адвокаты Замирбек Базарбеков муну тастыктап, №1 абактан “6-февралда чыгары” тууралуу расмий жооп алганын билдирген.

“Соцтармакта жарыяланган документтер чынында эле №1 түрмөдөн берилген. Бирок алдын ала сүйлөшүп алуу менен бир нече адамдын уюшуп барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Мындай айып күнөөкөрдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак колониясына которулушуна жол бербейт”, — деп айтылат маалыматта.

ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаардык сот Равшан Жээнбековго чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок
ЖАМК аталган документтерди берүүдө абак жетекчилиги жогоруда айтылган нормаларды эске албаганын белгилеген. Билдирүүдө ушу тапта кызматтык териштирүү жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазаланары кошумчаланган.

Экс-депутат "2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган" деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0