Оң рулдуу таксилерге 2020-жылы тыюу салынабы? Өкмөт чечим чыгарды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүПавелецкий вокзал
Павелецкий вокзал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле 2020-жылдын 1-январынан тарта иштей турган эреженин мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта пайдалангандарга 2020-жылдын 1-январынан баштап айып салынбайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө бул унаанын түрү жүргүнчү жана жүк ташууда орчундуу мааниге ээ экендиги айтылат. Мындан улам өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун аталган тыюунун ишке кирген мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу демилгесин колдоого алды.

"Айрым унаа ээлери менен ЖК депутаттарынын айтканын эске алуу менен оң рулдуу машина айдагандарга 2020-жылдын 1-январынан тарта айып салынбайт. Аталган мыйзам долбоорунун тагдыры чечилмейинче күтөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, депутат аталган айыптар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схемалардын жаралышын шарттай турганын эскерткен. Анын айтымында, бул өз кезегинде коомдо чыңалууну пайда кылмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0