Түбү жалпак мискей электр энергиясын үнөмдөйт. Инженердин кеңеши

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектр плитадагы идиштер. Архив
Электр плитадагы идиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инженер жарык приборлорун, лампаларды, плафондорду жана терезелерди жылына эки жолу тазалап туруу менен энергияны 10-30 пайызга үнөмдөөгө болорун белгилеген.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Салават Сооронбаев кышында үйдү жылытууда электр кубатын үнөмдөөнүн жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Анын билдиргени боюнча, электр жылыткычтары энергияны көп керектей турганы маалым, бирок жарыкты азыраак пайдалануу менен аны үнөмдөөгө болот.

"Лампалардын жарык берүүсүн 10-30 пайызга үнөмдөө үчүн аны тазалап туруу зарыл. Жарык приборлорун, лампаларды, плафондорду жана терезелерди жылына эки жолу жууп туруу сунушталат. Чыгымды 50 пайызга азайтуу үчүн электр лампочканы кубаттуулукту үнөмдөгөн түрүнө (даанасы 150-500 сом) алмаштыруу керек", — деген Сооронбаев.

Кыргызстандын электрлешүүсү - Sputnik Кыргызстан
10 миң сөөк кайра көмүлүп, 25 айыл суу алдында калган. Кыргызстанды электрлештирүү
Ал белгилегендей, уюлдук телефон жана гаджеттерди түнгө чейин кубаттабай, убагында өчүрүп туруу менен 20 пайыз электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүн.

"Ошондой эле ал каражаттардын бузулуп калуусун алдын алат. Газ жана электр плиталарына тамак жасаганда түбү жалпак мискейлерди колдонсоңуздар, энергия 40-60 пайыз экономдолот. Түбү тегерек казандар от жакканда гана ыңгайлуу", — деп түшүндүргөн инженер.

Ошондой эле телевизордон 50 пайыз электрди азайтуу үчүн аны караңгы жерге коюп, кубаттуулукту үнөмдөө режимине коюу керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0