БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак Жол" — "Кордай" өткөрүү жайы реконструкцияга байланыштуу убактылуу ишин токтотот. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, оңдоп-түзөө иштери 2020-жылдын январында жүргүзүлөт. Бул убакта аталган жайдан жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлбөйт.
Ал эми Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагындагы башка көзөмөл-өткөрүү жайлары штаттык режимде иштей берери айтылат.
1. "Ак-Тилек" көп тараптуу өткөрүү жайы адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.
2. "Токмок" эки тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул жактан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.
3. "Кең-Булуң" эки тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул жактан дагы эки өлкөнүн жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булуң айылына жакын жерде жайгашкан.
4. "Кайыңды" көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.
5. "Чалдыбар" көп тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.
Учурда казак тарап менен "Токмок" жана "Кең-Булуң" пункттары аркылуу үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.