Январда "Кордай" жабылат. Башка кайсы жерлерден Казакстанга өтүүгө болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГраница между Киргизией и Казахстаном
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын январында көзөмөл-өткөрүү пунктунда реконструкция иштери болору айтылды. Бул мезгилде жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлбөйт.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак Жол" — "Кордай" өткөрүү жайы реконструкцияга байланыштуу убактылуу ишин токтотот. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, оңдоп-түзөө иштери 2020-жылдын январында жүргүзүлөт. Бул убакта аталган жайдан жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлбөйт.

Ал эми Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагындагы башка көзөмөл-өткөрүү жайлары штаттык режимде иштей берери айтылат.

1. "Ак-Тилек" көп тараптуу өткөрүү жайы адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.

2. "Токмок" эки тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул жактан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

3. "Кең-Булуң" эки тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул жактан дагы эки өлкөнүн жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булуң айылына жакын жерде жайгашкан.

4. "Кайыңды" көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

5. "Чалдыбар" көп тараптуу көзөмөл-өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

Учурда казак тарап менен "Токмок" жана "Кең-Булуң" пункттары аркылуу үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0