Сотторду тандоо кеңешине мүчө болгуңуз келеби? ЖК сынак жарыялады

© AFP / DAMIEN MEYERСтатуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк коалиция эки ваканттуу орунга талапкерлерди көрсөтө алгандыктан жарандык коомдон сунуштарды кабыл алат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө эки ваканттык орун үчүн сынак жарыялайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция эки ваканттуу орунга талапкерлерди көрсөтө алгандыктан жарандык коомдон сунуштарды кабыл алат.

Кеңешке мүчө болууга төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
  • кош жарандуулугу болбоо;
  • кандайдыр бир партияда катталбоо;
  • абройлуу, коомдо кадыр-барктуу болуу;
  • соттуулугу болбоо.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронкулова: учурда сот өндүрүшүн мыйзамдуу жүргүзгөн судьялар аз
Ошондой эле кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо ага карата реабилитацияланган негиздер боюнча жазык териштирүү иштери токтотулган адам кеңештин мүчөсү боло албайт.

Жарандык коомдон көрсөтүлгөн талапкер Жогорку юридикалык билими жана беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, курагы 30 жаштан жогору болуусу шарт. Мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштебеши керек.

Төмөндөгү адамдар Сотторду тандоо кеңештин мүчөсү боло албайт:

  • мурда туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган;
  • укук коргоо органдарынын кызматкеринин наамын булгаган же адвокаттык лицензиясынан ажыратылган;
  • бийлик органдарында 50 же андан ашык пайыздык үлүшү бар уюмдарда иштеген;
  • укук коргоо же прокуратура органдарында иштеген;

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталгандар.

Документтер 28-декабрга чейин Чүй проспектиси-205 дарегинде кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0