Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жакта ийгилик жаратып, туулуп-өскөн жеринин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан мекендеш менен маек курду.
— Америкага кантип барып калгансыз? Алгач бир топ эле кыйынчылыктарга туш болсоңуз керек...
— Баткен облусунда 6-класска чейин орто мектепте окуп, андан кийин түрк лицейде билимимди уланткам. Мектепти аяктагандан кийин бир жылга жакын Бишкекте жүрдүм. "Саякаттап иште" деген долбоор бар, мен Кыргызстандагы келишим боюнча Аляскада иштемекмин. Барып ал жакта балык заводдо эки айдай иштеп, кийин Висконсин штатына келип окууга тапшырып калдым. Алгач колледжде 2,5 жыл окуп, кайра университетке которулдум. ЖОЖдо окуп жүргөндө официант, сатуучу болуп иштедим. Курсак тойгузуп, окуунун акчасын төлөш керек болду. Висконсин университетин компьютердик инженерия адистиги боюнча бүтүргөм. Акыркы үч жылдан бери өзүмдүн кесибим боюнча иштеп келем. Бала чагымдан бери компьютерге кызыгып, үйрөнүүгө дилгир болчумун. Ал кезде Кыргызстанда бул тармак анча деле алдыга кеткен эмес болчу, азыр жакшы өнүгүп калды.
— Университетке канча контракт төлөчү элеңиз?
— Негизи колледждин контракт акчасы 6-7 миң доллар, ал эми университеттики кыйла эле кымбат болчу. ЖОЖду бүткөнүмө көп убакыт болуп кеткендиктен так суммасын унутуп калдым. Жашырган деле эч нерсем жок, бирок университетиме азыркыга чейин ай сайын контракт төлөп келем. Себеби мен студенттик насыя менен окугам. Жемишин берип жатат, акча таап, тиричилик көрүп жатабыз.
— Чикагодогу жумушуңуз жөнүндө сөз кылсак. Сиздердин окуу борборуңузда көп кыргызстандык билим алып жатканын угуп калган элек.
— Сыр болбосо канча айлык аласыз?
— Биз иштеп жүргөн Американын IT тармагында жылына 100-120 миң доллардай тапсаң орточо айлык болуп эсептелет. Ошондо айына тапкан кирешең 10 миң доллардын айланасы болуп калат. Мындан медициналык камсыздандыруу, социалдык төлөмдөр, салык болуп көп эле акча мамлекетке төлөнөт. Ага карабай калганына үй-бүлө багып, кыйынчылыксыз тиричилигиңди кылсаң болот.
— Чет жакта иштеп жүргөн кесипкөй программист катары IT тармагынын орду жана маанилүүгү жөнүндө айтыңызчы. Келечекте өндүрүш ансыз өз ишмердүүлүгүн жүргүзө алабы?
— Азыр АКШдагы ар бир компаниянын ичинде IT департаменти бар. Эгер ишкананын IT бөлүмү, консультанты болбосо, ал фирманын же компаниянын иши жүрүшпөйт дегенди билдирет. Жөнөкөй эле сайты болбосо кардарлар күмөн санап, чыгашасы көп болуп иши узакка барбайт. Себеби ал жактагы процесс, өндүрүш болуп көрбөгөндөй электрондоштурулган. Мисалы, биз окуткан студенттер автоматташтыруу боюнча билим алат. Студенттерибиз өндүрүштө 10-15 жумушчу жасаган ишти автоматташтырып, 1-2 адам гана жасай тургандай кылып компьютерлештирет. Мындайча айтканда, IT — бизнес үчүн чоң үнөмдөө, продукциянын көлөмүн жогорулатуу.
— Бул жактагы биздин компания аутсорсинг менен алектенет. Мындайча айтканда, программисттер Бишкекте отуруп алып чет элдик буюртмаларды жасайт. Биз америкалыктардын долбоорлорун таап берип, КРде аны арзан баада жасатып беребиз. Учурда ал жакта 15 адам иштейт. Негизинен АКШнын базарына ылайыктап өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт, стартаптарды жасайт. Ошол эле маалда жергиликтүүлөргө тиркеме, сайт жасап беришет.
— Кыргызстанда чет элдик буюртмаларды аткарган бир топ эле IT компаниялар бар. Менимче, алар эл аралык деңгээлге чыга албай жаткандай. Сиздин пикириңизде бизде IT тармагы кандай өнүгүп, кайсы тоскоолдуктарга кабылууда?
— Азыр дүйнө жүзү боюнча жогору айлык маянаны IT адистери алат. Бул тармактын келечеги кең, көп мүмкүнчүлүктөрү бар жана өтө тездик менен өнүгүүдө. Кыргызстандыктар өлкөбүздүн имиджи үчүн иштей башташыбыз зарыл. Кийин кеч болуп калат. Чет элдик инвесторлор менен компаниялар Кыргызстандан кооптонуп турушат. Мен өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны айтып берейин. Бишкектеги компаниябыздын программисттерине буюртма алуу үчүн америкалык бир компанияга барып өзүбүздүн сунушубузду берип калдым. Алар биздин өлкө тууралуу интернеттен маалымат издейт. Шак эле башаламандык, мыйзамсыздык, кылмыштуулук өңдүү терс жаңылыктар чыгат да бизден качып кеткен. Анткени аны Украина, Эстония, Индия, Грузиядан деле жасатып ала алат. Ошондуктан мамлекеттин имиджи үчүн иштерди жасап, бул маселеге көңүл буруш керек. Антпесе келечектеги жаш програмисттер, ишкерлер жакшы буюртма, долбоорлордон кур кала берет. Мурдагыдай эле майда иштерди жасап, бир же эки миллиондук буюртмаларга жетпей жүрөт. Иш жүзүндө андай ири суммадагы долбоорлорду Бишкектеги компаниялар кыйынчылыксыз жасай алат.
— Жакшы. Соңку сурообуз болсун. Чет тилде сүйлөп, өз ишинин майын чыгарып Американы багындырып жаткан Эсендин балалыгы кандай болгон жана Кыргызстанга качан кайтып келет?
— Жакындарым Баткен облусундагы айылдардын биринде жашайт. Атам-энем пенсияга чыгып, айылда чакан ишкерлик менен алектенет. Америкадан Кыргызстанга келген сайын түз эле айылга жөнөйм. Балалык кез эл катары эле тоодо мал кайтарып, талаада дыйканчылык менен өткөн. Мекенге кайтып келүү боюнча айтсам, биздин Кыргызстанда жүргөнүбүзгө караганда АКШда иштегенибиз пайдалуу болот го деп ойлойм. Анткени чет жакта жүргөн ар бир кыргыз тууган-уругуна жардам берип, батир алып, ишкерлик кыла коёт. "Жыргаганыман жылкычы болдумбу" дегендей, буюрса убактысы келет, ошондо мекенге кайтып келебиз.