10:23 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
14610

Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков накануне 100-летнего юбилея видного государственного и политического деятеля Кыргызстана Турдакуна Усубалиева, встретился с его внуком — Эрмеком Усубалиевым
    Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Внук государственного и политического деятеля Кыргызстана Турдакуна Усубалиева Эрмек Усубалиев
    Жолугушуу учурунда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы маданий жана илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолукту

Жолугушуу учурунда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы маданий жана илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду.

"Мамлекет башчы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгилеген.

Ал эми Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн президентке ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Тема боюнча

Чолпон-Атадагы "Рух Ордого" Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюлду
Нарында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгилене баштады. Сүрөт
Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата митинг-реквием өттү
Белгилер:
небере, Сооронбай Жээнбеков, Турдакун Усубалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ