Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны

Жазылуу
Дубайда иштеп келген Камчыбекова жергиликтүү аялдардын турмушунун эл билбеген жактарын айтып берди. "Товардын баасын сурашпайт деле. Бир нече миң долларды дүкөнгө бир киргенде коротуп коюу — алар үчүн кадимки эле көрүнүш" дейт биздин маектеш.

Мурдагы медайым Сырга Камчыбекова сулуулук чөйрөсүнө 90-жылдардын башында, эл кымгуут түшүп, сулуулук менен иши да жок болуп турган убакта эле аралашкан. Бир топ жылдан бери аталган тармакта Чехия, Араб эмирлиги, Түркияда визажист болуп иштеп келген. Ал иштеп-жашаган чет өлкөлөрдө Сырга өзүнүн иш жөндөмүн гана өрчүтпөстөн, жергиликтүү тургундардын тиричилик сырларына да кызыгып көргөн.

— Алгач өзүңүз туурасында билгибиз келди...

— Нарында төрөлүп-өсүп, ошол жактан мектепти бүтүрүп, медициналык окуу жайды да кичи мекенимден аяктагам. Анан жүрөгүм ооруп калып, операциядан соң врачтар бийик тоолуу аймакта жашоого болбостугун айтышты. Ошентип Нарындан жер которууга туура келип, үй-бүлөм Бишкекке көчүп келди. Дал ошол тушта СССР ыдырап, оор жылдар башталган.

Борборго келгени медайым болуп ишке орноштум. Бирок көп өтпөй улуттук валюта кирип, рубль сомго которулду. Алган маянам ооруканага чейинки жол кирени да жаппай калды. Ошол көрүнүш мага чоң түрткү болду көрүнөт, медицинаны сулуулук чөйрөсүнө алмаштырдым. Үйдөгүлөрдүн дээрлик баары медик болгондуктан менин андай чечимиме катуу каршы чыгышты. Баарын таштап коюп баса бергениме, медик болчу кызынын чачтарач болуп, башкалардын чачын жасай турганымды билген апам катуу таарынган.

© Sputnik / Табылды КадырбековДубайда иштеп келген Камчыбекова жергиликтүү аялдардын турмушунун эл билбеген жактарын айтып берди
Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Дубайда иштеп келген Камчыбекова жергиликтүү аялдардын турмушунун эл билбеген жактарын айтып берди

— Чагыбызда Бишкекте сулуулук салондорунан көп нерсе жок. 90-жылдардын башында бул тармак кандай эле?

— Адамдардын бул чөйрө менен иши да жок эле, себеби эптеп жан багуу амалын издеп калышкан. Кашты атайын адис терип, формасын түздөй турганы, чачты салондо боештун өзү эч кимдин оюнда жок болчу. Салонго чач кырктырганы гана баш багышчу.

Ошол тушта "Орифлейм", Mary Kay өңдүү тармактык бизнес да өнүгө баштаган. Макияж жасоонун башатын ошолордон үйрөнгөм. Кийин сулуулук салонуна ишке кирдим, тагыраагы, кире бериштеги тепкичтин алдынан кичинекей бурч бөлүп, чакан тумба жана кымындай күзгүнү коюп беришти. Макияжды ошол жерден жасашым керек.

— Кардарлар сизге дароо агыла баштадыбы?

— Кайдан?! Бир апта бою бош отурдум. Анан сыртка чыгып, ары-бери өткөн айымдарды токтотуп "Кашыңызды тердирбейсизби?"  деп сурай турган болдум. "Ал эмнеси эле?" деп алар мага таңгалышат. Каштарын терип, формага келтиреримди түшүндүрөм. Акырындап кардарларым көбөйдү, ал тургай, кезекке да тура башташты. Жакшы таба баштадым. Кашты терүүнүн акысы 30-50 сом эле, 1996-жылы ал жакшы акча болчу (ал убакта орточо бир айлык маяна 490 сомду түзгөн – ред. ).

Күндө он чакты кардар кайрылат. Айына эки жүз долларга чейин тапчумун. Андай акча медайымдын түшүнө да кирчү эмес!

Бул ишти жакшы өздөштүрүп алган соң Москвага барып ушул багыттагы атайын курстан өтүп келип, жергиликтүү кыздарга макияж жасоону жана кашты формага келтирүүнү үйрөтө баштадым. Бирок ага да алымсынбай 90-жылдардын аягында Чехияга кетип калдым. 27 жашка толгон кезим эле.

© Фото / предоставлено Сыргой КамчыбековойМурдагы медайым Сырга Камчыбекова сулуулук чөйрөсүнө 90-жылдардын башында, эл кымгуут түшүп, сулуулук менен иши да жок болуп турган убакта эле аралашкан.
Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы медайым Сырга Камчыбекова сулуулук чөйрөсүнө 90-жылдардын башында, эл кымгуут түшүп, сулуулук менен иши да жок болуп турган убакта эле аралашкан.

— Европанын эбин кантип таап кеттиңиз?

— Ошондо көпчүлүк Кыргызстандан кете баштаган. Баарына кайдадыр аларды жомоктогудай жашоо күтүп тургандай сезилчү, чынында көйгөйдүн баары сыртка чыкканда башталган. Жарым-жартылай мыйзамсыз кеткем, иш жагы да оңой-олтоң чечилген жок.

Мени ата-энем абдан эле бөпөлөп өстүрүшкөн. Ошондуктан айланамдагылар бат эле баарын таштап коет деп ойлошкон. Адегенде официант болдум, пол жуудум, турак жай жана тамак-ашка акча табыш үчүн бардык ишти аткардым.

Кыргызстанка Чолпон Улукбекова, живущая в ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик
Прагада орусча сүйлөшпөйт экен, жарым жылда чех тилин өздөштүрүүгө туура келди. Кыйынчылыктарга карабастан, чех мастерлеринен чач тарач боюнча окууга да убакыт табар элем. Бирок кийин жергиликтүү айымдардын Борбор Азиядан келген мигрантка өз чачтарын ишенип табыштабай турганын түшүндүм. 4 жылдан кийин үйгө кайттым. Топтоп келген акчама батир, машина сатып алдым.

— Бишкекте көпкө тура алган жоксузбу?

— Ооба, гезиттен чет өлкөгө жумуш боюнча жарыя көзгө урунду. Ага документ тапшырдым, бир-эки аптадан соң мага телефон чалып, Дубайда иш бар экенин айтышты. Кымбат баалуу косметика чыгарган, дүйнөгө белгилүү компаниядан иш сунуштап жатышкан экен. Бирок ал жумушка кирүү үчүн англис тилин билүү керек, мектепте мен немис тилин окугам! Анан да иш берүүчүлөрдүн алдында өзүмдү таанытуум зарыл болчу. Алар жумушчуларды алуу үчүн атайын Бишкекке келишиптир. Эки сиңдимден өзүм тууралуу айтып бере алгыдай текстти англисче жазып беришин өтүндүм.

Алардын алдына барганда англис тилин билбей турганымды, ал эми аларга айтып берчү текстти жаттап алганымды дароо моюнга алдым. Сүйлөп жатканымда ишке алуучу агенттердин бири – ушунчалык татына араб кыз англисче билер-билбесимди кайра-кайра тактап сурады. Таптакыр билбей турганымды айттым.

Анан алардын көзүнчө макияж жасадым. Ишимди көрүшкөн соң мага мыкты келишимди сунушташты! Лотереядан утуп алгандай эле болдум, 2000 доллар айлык, виза, турак жай акысынын жарымын жаап беришет... Документтеримди сунуп жатышып, ойлонууга үч күн беришти. Мен дароо кол койдум.

© Sputnik / Табылды КадырбековБир топ жылдан бери аталган тармакта Чехия, Араб эмирлиги, Түркияда визажист болуп иштеп келген.
Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Бир топ жылдан бери аталган тармакта Чехия, Араб эмирлиги, Түркияда визажист болуп иштеп келген.

— Дубайга бат эле көнүп кеттиңизби?

— Ооба, Чехияга караганда кыйла жеңил болду. Прагада жарым-жартылай мыйзамсыз жашагам, дурусураак ишке кире алган эмесмин, мага эмигранттай карашчу. Араб эмирлигинде андай көйгөйдүн бирине да кабылган жокмун.

Соода борборуна ишке жиберишти, ал жактан мен сатып алуучуларга косметиканы сунуштап гана тим болбостон, аларды боентуп, кайсынысын кандай колдонуу керектигин түшүндүрүп берүүгө тийиш болчумун. Англис тилин билбегеним эле болбосо, калганы баары жакшы болчу! Англис тилин үйрөнүүгө үч ай убакыт беришти, болбосо келишимди жокко чыгарышарын айтышты. Ага сарсанаа болуп жатып, өтө кыска убакыт ичинде үйрөнүп алдым!

— Араб кыз-келиндеринин азиялык, анын ичинен кыргызстандыктардан айырмасы эмнеде?

Facebook компаниясынын баш кеңсесине маалыматтык аналитик болуп эмгектенген Зияда Усен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок
— Араб кыздар боенгонду, анан калса, абдан ачык түстөгү боекторду жактырышат. Бутикте мени менен ливандык, сириялык, мисирлик кыздар, анан бир орус кыз иштечү. Жергиликтүү аялдар бизге абдан жакшы, түшүнүү менен мамиле кылышчу. Англис тилин билбегенимде деле алар: "Эч нерсе эмес. Бул жерде иштеп жатсаңыз, демек буга татыктуусуз", – деп көп кайталашар эле.

Арабдардын турмушу – жыргал жашоо. Визажист катары үйлөргө да көп чыкчумун. Алар ордо сымал эле – бассейн, лифтилери бар үч кабат үйлөрдө турушат. Үйдүн кожейкеси саат 10до ойгонот, үй кызматкерлери көйнөгүн үтүктөп, таңкы тамагын белендеп турушат. Балдарын бала багуучулар карайт.

— Ал жакта хиджабсыз сыртка чыгууга болобу?

— Ооба, мен кадимки эле кийимчен жүрчүмүн, бир дагы эркек киши мага басынтарлык сөз айткан жок. Ал тургай, кыска юбкачан деле жүрүүгө болот! Арабдар кыздарга сый мамиле кылышат, кыздардын көздөрүнө кароого аларга тыюу салынат. Бул чет элдик кыздарга да тиешелүү.

Араб кыздары эшикке хиджабсыз чыгышпайт, бирок үйлөрүндө алар эң соңку үлгүдөгү кийимдерди кийип жүрүшөт. Аларды туугандары гана көрө алат, араб үйлөрү экиге – мырзалар жана айымдар тарабы деп бөлүнөт. Мырза коноктор аялдар жагына өтө албайт.

Баса, аялдар соода борборлорун жалгыз кыдыра алышпайт. Сөзсүз түрдө аларды эркек жакындары коштоп жүрүүгө тийиш.

© Фото / предоставлено Сыргой КамчыбековойАл иштеп-жашаган чет өлкөлөрдө Сырга өзүнүн иш жөндөмүн гана өрчүтпөстөн, жергиликтүү тургундардын тиричилик сырларына да кызыгып көргөн.
Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Ал иштеп-жашаган чет өлкөлөрдө Сырга өзүнүн иш жөндөмүн гана өрчүтпөстөн, жергиликтүү тургундардын тиричилик сырларына да кызыгып көргөн.

— Көп чет элдик кыздар араб мырзаларына турмушка чыгууну кыялданарын уккам.

— Бир топ кыздар чындап эле турмушка чыгуу ниетинде барышкан, бирок андай нерсе менин оюмда да болгон эмес. Баары бир толук ал жактык боло албайсың. Араб байлары менен сүйлөшкөн кыздардын бир тобу катуу өкүнүп калышты. Мыйзам боюнча арабдар сени менен никеге тура алышат, бирок эч качан биринчи аялы боло албайсың, экинчи, үчүнчү же төртүнчү аялдыкка гана алышат.

Себеби бир кездерде араб мырзалары чет элдик кыздарга үйлөнүп, араб айымдары кара далы болуп калышат. Аялдар бул боюнча шейхке арызданышканда ал ушундай мыйзам чыгарыптыр. Бир араб менен келген топ аялдын арасынан кыргыз кызын да көргөм, абдан бактылуудай эле туюлду мага.

Ошентсе да башка улуттагы аялдын күйөөсү кийин да бирге жашай турганына кепилдиги жок. Ал жубайынын визасын жокко чыгарып, үйүнө депортация кылып жиберүүгө акысы бар. Албетте, балдары күйөөсүндө калат.

— Араб аялдарына да ушундай мамиле кыла алышабы?

— Андай ажырашуулар өтө сейрек. Каалаганы колунда турса, ажырашып эмне кылышат? Бизде эле нан табууга баш катырабыз, ал жакта баары белен, материалдык жактан баш оорутпай, жай турмуш кечиришет.

— Билишимче, көп аял алууга колунда бар адамдын гана акысы бар.

— Ооба, биздин дүкөнгө төрт аялын коштоп жүргөн эркектер келишчү. Төрт жубайы бири-бири менен курбулардай сүйлөшкөнүнө таң калчумун! Араб айымдары товар канча турарын сурашпайт. Алар жактырганын кассага коюп, бир бутиктен эле 2-3 миң долларды сарптап коюшат. Эгер кишинин көп аялы болсо, ал ар бирине окшош белек алууга тийиш. Маселен, бир аялы кызыл түстөгү эрин боегуч сураса, ал ар бир аялына ошондой сатып алып берет.

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыбекова: Араб кыздар боенгонду, анан калса, абдан ачык түстөгү боекторду жактырышат
Бай араб менен сүйлөшкөн кыздардын көбү бармагын тиштеди. Кыргыз визажисттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Камчыбекова: Араб кыздар боенгонду, анан калса, абдан ачык түстөгү боекторду жактырышат

— Дубайда жашоо кымбатпы?

— Маянамдын көп бөлүгү турак жайга кетчү. Бир бөлмөдө бир нече кыз турчубуз, бир керебеттик орунга 300-500 доллар төлөчүбүз. Бул, албетте, кымбат. Кудай жалгап, маянадан сырткары да үйлөргө барып, кардарларды боентуп, аптасына 500-1000 доллар таба алчумун.

— Эмнеге 9 жылдан кийин баары бир Бишкекке кайттыңыз?

— Үй-бүлөмө кайткым келди, кайрадан төрт мезгилди – күз, кыш, жаз менен жайды көрүүнү самадым. Үйдү сагындым. Бирок жыл айланбай кайрадан Түркияга бет алдым. Чакан бир шаарга – Аланьяга жайгаштым, дал деңиздин боюнда. Жергиликтүү кымбат салонго ишке кирдим. Татуаж жасоону үйрөнүп алдым, түрк кыздарынын арасында бул кеңири таралган.

Ал жакта иштөө көңүлүмө анча толбоду. Биринчиден, менин бай тажрыйбамдын аларга баасы деле жок болчу. Мурда эмне кылганымдын да мааниси жок, стандарттар бар, ошонун негизинде гана иштей аласың. Анан калса техника жагынан он жыл артта! Экинчиден, 15 саат иштөөгө туура келет! Мастерсиң дагы, пол да жууйсуң, котормочу да болосуң, саат тогуздан түнкү экиге дейре иштейсиң, анан алган айлыгың – 500 доллар.

— Түрк кыздары кыргыздардан кандай айырмаланат?

— Алар дээрлик боенушпайт. Эң көп дегенде кирпиктерин боеп, эриндерине ачык түстүү боек коюшат. Түшүнгөнүм боюнча алар өздөрүнө макияждын зарылдыгы жоктугуна ушунчалык ынанышат. Түрк рыногун изилдеген соң косметикалык бренддердин сатылышы өтө начар экенин байкадым. Дүкөндөрдө тейлөө да жакшырууга тийиш.

— Мекенге неге кайттыңыз? Орчундуу себеби барбы?

Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги
— Акыркы жылдары биздин кыздардын сулуулук жаатында ойлору өзгөргөнүн байкадым. Карагылачы, баары татына, жакшынакай боенушкан, кирпиктери узун, чачтарын дайым жасалгалап жүрүшөт. Өз тажрыйбамдан бөлүшкүм келди.

Бишкектеги сулуулук мектептерин кыдырып чыктым. Азырынча деңгээл төмөн. Мастерлер сага сенек мамиле кылат, ыгы жок теңтушсунат.

Базардагыдай мамиле! Инстаграмдагы сүрөттөрүнө карасаң — олуттуу окуу борборундай эле көрүнөт, ал эми иш жүзүндө – эки чакан бөлмө, чаң баскан күзгү, орундук, аспаптарга толгон коен жатагындай эки бөлмө.

Окутуучу да курсту жаңы бүтүрүп алып эле бир айдан кийин өзү сабак бере баштаган. Ал кыздарга эмнени үйрөтө алмак эле? Ага корогон кайран убакыт, кайран каражат. Билесиңерби, биздин айымдар кандай гана азаматтар! Өтө начар шарттарда да кирпик өстүрүп, тырмактарын боетуп, чачтарын жасата алышат. Татына болуу тилеги баарын басып кетет!

Буга чейин сайтыбызга пластикалык хирург Айнура Сарыбаеванын баяны да жарыяланган. Көз жүгүртүп чыксаңыз болот. Чет жердеги мекендешибиздин эң оор операцияларды гана жасарын окуп таң бересиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0