Жогорку сот абактан чыгып кеткен Алмаматовдун ишин кайра карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебный департамент при верховном суде Кыргызской Республики
Судебный департамент при верховном суде Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пара менен кармалган аткаминер 12,5 жылга кесилип, бирок бир жылдан кийин кайра бошотулган. Иш эми кайра 30-октябрда карала баштайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку соттун маалымат кызматы эркиндикке чыгарылган Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин экс-директору Насыр Алмаматовдун иши кайра караларын билдирди.

Ал УКМК тарабынан 2018-жылы пара менен кармалып, Октябрь райондук сотунун өкүмү менен 12,5 жылга кесилген. Тергөөдө Алмаматовдун автоунааларды каттоодо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда коррупциялык схема түзүп акча алып турганы аныкталган.

Коррупция бар! Айдоочулук күбөлүк берген аткаминер агынан жарылганда. Видео - Sputnik Кыргызстан
Коррупция бар! Айдоочулук күбөлүк берген аткаминер агынан жарылганда. Видео
Деген менен Бишкек шаардык соту 9-июлда Октябрь райондук соттун өкүмүн карап чыгып аткаминерди эркиндикке чыгарган.

Октябрь райондук прокурордун жардамчысы мурда койгон талабын өзгөртүп, Алмаматовдун жазасын жеңилдетип, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу боюнча апелляциялык сунуш киргизген. Сот анын сунушун канааттандырып, айып пул салуу менен эркиндикке чыгарган.

Бирок ошол эле башкы көзөмөл органы Жогорку сотко прокурордун жардамчысына каршы келген апелляциялык талап менен кайрылган.

Мындан улам прокуратуранын позициясы эки ача болуп жатканы белгиленет. Буга байланыштуу 30-октябрда Насыр Алмаматовдун иши Жогорку сотто кайра каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0