Күйөөмө бой сала албай койдум... Ата-энеси кудалашкан жерге барган келиндин каты

© Фото / Pixabay/ StockSnapЖубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошуна көнө албай кыйналган жаш келиндин каты жарыяланды.

Отношения в КР - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн жылуу сөзүн сагынып жүрөм... Жалгызсыраган келиндин каты
Элетте чоңоюп өстүм. Ата-энем айылдагы кадыр-барктуу адамдар. Үч бир туугандын улуусумун. Апам дайыма "өзүбүз теңдүү адамдарга куда бололу, сүйлөшкөн жигитиңдин тек жайын кара, сураштыр" деп кулагыма кумдай куйчу. Атам да бир сүйлөгөн, оор басырыктуу адам. Алардын сөзүн эки кылбай, бейжай баскан жокмун, мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп, шаарга келип окууга тапшырдым. Группалаштарымдын деле шаан-шөкөтүнө көп катыша берчү эмесмин. Артыман чуркаган, колумду сураган балдар көп болду. Бирок апамдын айтканынан коркуп эле алар менен абайлап мамиле курчумун. Айтор, ата-энеме сөз тийгизип албайын деп жүрдүм. 2-курста бир бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Орду менен сүйлөгөн жакшы бала болчу. Бирок атасы жок өскөн бала экен. Анысын укканда апам так секирип эле сүйлөштүрбөй койду. Ал арада айылдан, башка жактан куда түшүп келе башташты. 3-курста окуп жатканда апам: "Тектүү жерден сага куда түшүп келишиптир, барсаң кор болбойсуң. Бала эки-үч жерден окуган билимдүү экен. Ойлон", - деди. Анан баягы тектүү жердин баласы менен тааныштым. Чынын айтсам, жаккан жок. Менден төрт жаш улуу неме экен. Апама айтсам "кебетесин чылап ичет белең" деп туруп алды. Ошентип көңүлүм жок эле күйөөгө тийдим. Чогуу жашап бир жаздыкка баш койсок, балким, жакшы көрүп кетермин деп ойлодум. Ата-энем укмуш каада, шаан-шөкөт менен узатты. "Улуу кызыбыз" деп элден өзгөчө сеп берди. Кайын журтум да колунда бар адамдар. Үлпөт тоюбуз кычыраган ресторанда, болуп көрбөгөндөй шаң менен өттү.

Азыр кайын журтум менен чогуу турам. Кайнене, кайнатам экөө тең жаны тынбаган кыйын кишилер. Бирок баласы чечкини жогураак, жалкоо экен. Мамлекеттик кызматта атасынын күчү менен иштейт. Ата-энемди уят кылбайын деп жашап келе жатканыма үч жылга чукулдап калды. Бир кызыбыз бар. Бирок күйөөмдү көңүлүм жылып, сүйө албай койдум. Үй-бүлөдөй болуп эзилишип деле кетпейбиз, сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок, иши кылып турмушубуз бир башкача. Жалгыз калсак кызыбыз менен эле алаксыйбыз. Апама айтайын дейм, айта албайм. Дос кыздарга же аяштарга деле ачыла албайт экенсиң. Бирок өмүр бою өзүмдү бактысыз сезип өткүм келбейт. Кетип да кала албайм го... Кандай кылсам?

Гүлнара Жасоолова, психолог

Письмо психологу - Sputnik Кыргызстан
Небере күтүп калган кезде күйөөм жаш келинге кетип калды. Аялдын каты
Катты жазган келин көп нерсеге ата-энесин күнөөлөп койгондой. Ооба, айрым учурда ата-энелер балдарынын сезимин, оюн эске албай "чай ичишкен куда-сөөк бололу" деп барган жерине карап коюшу ыктымал. Бирок келин бул ойлорун аларга турмушка чыга электе ачык айтышы керек болчу. Азыр бир кызы бар экен. Үй-бүлөсүн сактап калам десе, күйөөсүнө болгон мамилесин, оюн өзгөрткөнгө аракет кылып көрсүн. "Жалкоо, чечкинсиз, ата-энем мажбурлаган үчүн эле тийгем" деп кечке эле ойлой берсе, анда жолдошунун жакшы жактарын көрө албайт, тоскоолдуктар боло берет. Күйөөсүнүн жакшы сапаттарын байкап, ага жылуу мамиле кылса, балким, андагы сезимдер да ачылаар. Жылмаюу, жылуу сөз ортоңдордогу мамилени оңдоп коюшу мүмкүн. Ошондуктан эки тарап тең ортодо сүйүү, бактылуулук болушуна аракет кылышы керек. Ата-энени күнөөлөгөндөн пайда чыкпайт. Алар да сиздин бактылуу болушуңузду ойлогон чыгар. Аракетим жетпей жатат десеңиз, анда психолог менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп көрүңүз.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Жаңылыктар түрмөгү
0