01:17 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Айдоочу. Архивдик сүрөт

Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө

CC0 / Pixabay / Michal Jarmoluk
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (221)
173 0 0

8-октябрь күнү белгисиз айдоочу 26 жаштагы кишини коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу көз жумган. Учурда шектүү изделип жатат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы адам өмүрүнө забын болгон айдоочуну табышууга элден жардам сурап жатат.

Кырсыкка кабылган жолтандабас. Архивдик сүрөт
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Маалыматка караганда, 8-октябрга караган түнү саат 02.00дөр чамасында Александровка — Асылбаш жолунун 7-чакырымында белгисиз айдоочу 26 жаштагы кишини коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу көз жумган. Учурда унаанын үлгүсү дагы белгисиз болууда.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуяга күбө болгон адамдар болсо 0312 44-64-22, 0707 75-87-20 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (221)

Тема боюнча

Өкмөттүк трассада унаа менен мотоцикл кагышып кетти. Видео
Белгилер:
жол кырсык, унаа, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ