10:46 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Диагностика. Архивдик сүрөт

Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди

© Sputnik / Григорий Сысоев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
349711

Адис өлкөгө керектүү деп эсептелген медициналык кызматтардын тизмесин тактап, аны улуттук бир маалыматтык базага киргизүү зарылдыгына токтолду.  Ал мындай кадам алдап  акча жасоонун жолу болбошу шарт деп кошумчалады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда медицинага тиешеси жок "диагностикалык" аппараттар толуп кеткендигин далилдүү медицина жана клиникалык стандарттар боюнча эксперт Бермет Барыктабасова билдирди. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстандын маалыматтык борборунда өткөн "Мамлекеттик ооруканаларда акы алуу сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин долбоору" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө айтты.

Эксперттин маалыматына караганда, акыркы учурда кыргызстандыктар көбүрөөк жарнама кылынып жаткан хирургиялык кызматтарга кызыгып жатат.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттарды иштеп чыгып туура кылып жатат. Азыр абал ушундай болуп кеткен, кайсы кызмат көрсөтүүлөр чындыгында эле хирургиялык, ал эми кайсынысы калп эле акча жасоо аракети экендиги түшүнүксүз. Кыргызстанда медицинага тиешеси жок жөн гана алдап, башты айланткан "диагностикалык" аппараттар толуп кеткен. Алардын медицинага эч кандай тиешеси да жок", — деп айтты Барыктабасова.

Мамлекеттик бир катар ооруканалардын өзүн-өзү каржылоого өткөрүүсү боюнча айтып жатып, хирургиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн улуттук маалымат базасы тууралуу маселеге токтолду.

Оорукана. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Стандарттары жок болуп туруп алдыга жылууга мүмкүн эмес. Улуттук маалымат базасы жок болсо, керексиз хирургиялык кызматтар боюнча маселе кандай чечилет? Баасы кантип аныкталат? Ким кепилдик бере алат? Бизде азыр "бул медицинага кирет, а бул кирбейт" деген аныктама бере турган орган дагы жок", — деди ал.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургия илим изилдөө институтун, ошондой эле Улуттук хирургиялык борборду өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү пландап жатат. Бул аталган медициналык борборлордогу дээрлик бардык кызматтар акы төлөнүүчү болот дегенден кабар берет. Мунун арты менен мамлекеттик медборборлор жеке клиникалар менен атаандашуусуна мүмкүнчүлүк жаралат. Эгер долбоор ишке ашып кетсе, ушундай эле өзгөрүүлөр Саламаттыкты сактоо тармагынын бардык уюмдарына жайылат.

Эксперт кыргызстандыктар улуттук маалыматтык базасыз эл деле кандай медициналык аспаптар колдонулуп жаткандыгын айрып түшүнө албайт деп кошумчалады.

"Биз эмнелерди ташып кирип, эмнелер колдонулуп жаткандыгын билбейбиз. Маселен, кардиохирургияда болчу митралдык клапан базарда сатылып жатат. Хирургдар каякты карап жүрөт? Улуттук хирургиялык борбордон аспаптарды алып чыгып кетип жатышат", — деди ал.

Барыктабасова сынамык долбоордун авторлорун хирургиялык процедураларды тиешелүү категорияга бөлүүнү сунуштады.

Белгилер:
реформа, медицина, диагноз, Саламаттыкты сактоо, Бермет Барыктабасова, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ