03:36 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Россиялык медиаменеджер жана продюсер Наталья Лосева

Россиялык журналист: дүйнө эли маалыматты аудио аркылуу ала баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Адис тарыхта азыркыдай ашыкча көлөмдөгү жаңылыктар болбогондугун белгиледи.

БИШКЕК, 11-сен. – Sputnik. Азыркы замандагы адамдардын маалыматты кабыл алуусу боюнча россиялык медиаменеджер жана продюсер Наталья Лосева айтып берди.

Ал Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрүнө эл аралык SputnikPro программасынын алкагында мастер-класс өттү.

Адистин айтымында, заманбап аудитория маалымат алууга убакыт короткусу келбейт.

"Болжол менен 1995-жылдан бери маалымат чыгарган машина өсүү жолунда келе жатат. Тарыхта азыркыдай ашыкча көлөмдөгү жаңылыктар болгон эмес. Биздин аң сезим бүгүнкү күндөгү маалыматтардын бардыгын ала албайт, күчү жетпейт", — деди Лосева.

Мастер-класстын алкагында адис аудиториянын көңүлүн бура турган жаңы форматтар — подкаст жана VR/AR жөнүндө дагы айтып берди.

"Кыргызстанда аудиоподкасттардын аудиториясынын өсүшүнө 2-3 жылдай кетет. Негизи бул жанр кирген өлкөлөрдөгү адамдар аудио аркылуу жаңылыктарды эмес, лекцияларды, чет тилдер боюнча сабактарды угушат. Силердин дагы бул жааттагы аудиторияңар жаңылык сегментинде эмес, аудиокитеп, лекция, чет тилдерди үйрөнүү сыяктуу багыттарда түптөлүп жатканын байкайсыңар", — деди адис.

Лосева билдиргендей, дүйнө жүзү боюнча маалыматты тексттик түрдө эмес, аудио аркылуу алуу тенденциясы өсүп жатканы байкалууда.

Наталья Лосева — россиялык журналист, продюсер жана медиаменеджер, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары, МГУнун журналистика кафедрасынын улук окутуучусу.

Белгилер:
мастер-класс, адистер, журналист, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ