Бишкекте инспекторлор кызылга өтүп кеткен жолтандабасты токтотпой койду. Видео

Жазылуу
Күбө жол инспекторлору эреже бузган унааны токтотпой койгонун видеого тартып алып, кийин өздөрүнө кайрылган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн кызматкерлери жол чырактын кызыл жарыгына өтүп бара жаткан жолтандабасты токтотпой коюшкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга күбө билдирди.

Окуя бүгүн, 1-сентябрь күнү саат 10.24тө Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеокөзөмөлгө түшүп калган кадрларга караганда, 01KG 477 AFL деген номердеги Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа Кулатов көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Элебаев көчөсүнөн түштүктү көздөй бурулат. Ошол учурда жашыл жарыктын күйүшүнө 10 секунддай убакыт калган.

Видеонун автору анын артынан 15 секунддан кийин бурулуп, ары жакта ЖКККББнын эки инспектору турганын көргөн.

"Мен алдыдагы унааны эмнеге токтоткон жоксуңар деп сурасам, бул жактан көрүнбөйт экен деп жооп беришти. Анда эмнеге ал жерде турушат, таң калычтуу?" — деди күбө.

Видео Sputnik Кыргызстандын Telegram-каналына жүктөлгөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0