09:44 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кытай желеги. Архивдик сүрөт

Кытайдын Оштогу Башкы консулдугу ишин токтотту. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1192 0 0

Консулдуктун качан иштей баштары так эмес.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кытайдын Ош шаарындагы Башкы консулдугу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень маалымдаганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

28-августта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Ду Дэвень менен жолуккан.

"Элчи дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин жакшыртуу үчүн Кытай тарап Оштогу Башкы консулдуктун ишин убактылуу токтотконун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдуктун иши жанданганга чейин консулдуктун кызматы Бишкектеги элчиликтен көрсөтүлөт. Дипломатиялык өкүлчүлүк ишин качан баштары так айтылган эмес.

Айта кетсек, 2019-жылдын август айынын башында Кытайдын элчилиги Солтон-Сарыдагы чыр-чатактан улам билдирүү таратып, кыргыз бийлигине бир нече талап койгон.

Тема боюнча

Бишкектеги ардактуу консулдардын иши парламентте талкуу жаратты
Белгилер:
Элчилик, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ