01:35 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
202310

Аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылуу сезону башталды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталып, декабрдын биринчи жекшембисинде бүтөт.

Фотокапкандар Кызыл китепке кирген жаныбарлар коруктун сыртында жүргөнүн тартып алды
© Фото / пресс-служба германского Союза охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Бул аралыкта тоо теке, элик, каман, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактек түрүндөгү канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилет. Ошол эле учурда агенттик жаныбарларды атууга чектөө киргизген. Ага ылайык, аңчылык сезону маалында 700 тоо теке, 20 элик жана 60 каман атууга болот.

Азыркы тапта Кыргызстанды 41 463 тоо теке, 4 470 элик жана эки миңден ашуун каман байырлайт. Мындан сырткары, өлкөдө Кызыл китепке киргизилген 18 миңден ашуун аркардын үч түрү бар. Алар Марко Поло, Тянь-Шань жана Түндүк аркарлары.

Тема боюнча

Эколог: Ала-Арчада кийиктердин жайылып жүрүшү кадыресе көрүнүш
Баласын ээрчиткен илбирс жана улар. Фотокапканга түшкөн уникалдуу сүрөттөр
Белгилер:
аркар, элик, аңчылык, сезон, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, тоо теке

ЭҢ МААНИЛҮҮ