10:45 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Жол техникасы. Архивдик сүрөт

Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясы качан иштей баштары айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясында августта чыккан чыр (19)
372 0 0

Буга чейин аталган компаниянын иши убактылуу токтотулганы маалым болгон.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кытайдын Zhong Ji Mining Company ишканасынын иши бир айга токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган компаниянын иши убактылуу токтотулганы айтылган болчу.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн уккан. Жолугушууда чогулган эл бийликке талап коюп, өкмөт башчы менен спикер үч күндүн ичинде келип көйгөйдү жеринен чечип берүүсүн талап кылышкан.

6-август күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон.

Тема:
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясында августта чыккан чыр (19)

Тема боюнча

Солтон-Сары чыры: Кытай тарап кыргыз бийлигине катуу талап койду
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
Солтон-Сарыдан кен казууга ким качан уруксат берген? Тизме
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
Белгилер:
Өкмөт, алтын, Солтон-Сары жайлоосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ