Солтон-Сарыда мал эмнеден улам кырылганы айтылды

© Sputnik / Сергей Киркач / Медиабанкка өтүүЖайыттагы койлор. Архив
Жайыттагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кен казылган аймакка биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер барды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов иш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, жергиликтүү эл менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Боронов кендеги объектилерди жана карьерлерди көрүп чыкты. Кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Боронов жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лабораториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

"Биз керектүү маалыматтарды берип, силердин суроолоруңарга жооп бергени келдик", — деди Боронов.

Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында кырылган мал... Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты
Ал ошондой эле компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар экенин белгилеп, бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барып жатканын кошумчалады.

"Комиссия бир катар талап менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы, компаниянын ишмердүүлүгү элге жана экологияга зыян келтирбеши керек. Ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз", — деди биринчи вице-премьер.

Өз кезегинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калыс Жумаканов Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалганын билдирди. Ал үчүн малдын мите оорулары, топурактын жана суунун анализи  алынган.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Вакцинация толук жүргүзүлгөн эмес", — деди Жумаканов.

Ал ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы Jhong ji Mining компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөткөнүн, элдин жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталбаганын белгиледи.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталбаганын айтты. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациянын деңгээли нормадан ашпаганын кошумчалады.

Полномочный представитель правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Нарындын башчысы Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишти токтото электигин айтты
Айрым жашоочулар компаниянын ишмердүүлүгү менен малдын кырылышын байланыштырып жатышат. Кубатбек Боронов чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн иши тууралуу айтып берип, жергиликтүү жашоочулар улам эле кайсы бир ишкананы жабууну талап кыла беришсе, инвестиция тартылбай, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү болбой турганын белгиледи. Анын пикиринде, эгерде компания же ишкана өлкө мыйзамдарынын алкагында иштесе, экологиялык ченемдерди сактаса, аларга иштөөгө мүмкүндүк берүү керек.

Боронов, мындан тышкары, тийиштүү ведомстволордун текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык топ түзүүнү тапшырды. Анын курамына Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарынын эки жашоочусу жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирмекчи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0