12:43 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив

Кыргызстанда күбөнү суракка кайсы учурда мажбурлап алып келет. Юристтин жообу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)
2150 0 0

Соттук иштин күбөсү болгон адамды суракка канча жолу келбей койгондон кийин тергөөчүгө мажбурлап алып келет? Бул жааттагы суроого укуктук маселелер боюнча эксперттер жооп берди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кечээ, 8-июлда, ИИМдин Тергөө кызматына соттук иштин күбөсү катар суракка чакырышкан. Бирок мамлекеттин мурдагы башчысы "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Ал суракка чакырган документти көрбөгөндүгүн жана кагаздар юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берилгендигин кошумчалады.

Жактоочусу тартип коргоо органдарынын Атамбаевди суракка чакырууга мыйзамдык негиз жок деп, ага негизги себеп мурдагы президенттин иммунитети сакталуу деген пикирин айткан.

Слесарев ИИМге жагдай боюнча жүйөсүн жазып, тиешелүү кат жөнөткөндүгүн кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан редакциясы юристтерге кайрылып, Жазык-процесстик кодексти барактап, эгерде күбө катары суракка келбей койсо, мыйзам чегинде кандай чара көрүлөрүнө кызыкты. Андан сырткары, кайсы учурда ички иштер органына мажбурлап алып келине тургандыгын сурады.

Эгерде күбө чакыруу кагазын алгандан соң эч кандай себеби жок туруп эле келбей койсо, ИИМге күчтөп алып келиниши мүмкүндүгүн "Вигенс" юридикалык борборунун жетекчиси Владимир Плужник түшүндүрүп берди.

"Күбө ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн чыгарган токтомунун негизинде мажбур түрдө алып келинип калышы мүмкүн. Ал эми ооруган же жакындарынын бири (ата-энеси, күйөөсү же аялы) көз жумган учурда, чакыруу кагазы колуна тийбесе, жаратылыш кырсыгы дагы бир катар жагдайлардан улам айтылган мөөнөткө келе албай калышы мүмкүн", — деди ал.

Плужник биринчи суракка чакырылган адам себепсиз келбей калса, анда ал алып келинерин кошумчалады.

Ал эми "Адилет" укуктук клиникасынын ага юристи Искендер Какеевдин айтымында, күбөнү алып келүү же чакыруу кагазын кайра жөнөтүү маселесин тергөөчү өзү чечет.

"Эгер тергөөчү туура деп тапса, чакыруу кагазын кайра жөнөтөт. Бирок ошол эле учурда биринчи жолку чакырууга келбей койгон кишини алып келүү керектиги боюнча токтом чыгарып, ыкчам бөлүмдөргө жөнөтө алат. Бардыгы кырдаалга жараша болот", — деди юрист.

Жазык-процесстик кодекстин 121-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында мажбурлоо жолу менен суракка алып келүү укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылат. Ошол эле учурда кишини түндө кармап кетүүгө жол берилбейт.

Эске салсак, ИИМ кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча тергөө ишин жүргүзүп жатат. Буга чейин Атамбаевге коюлган беш айыптын ичинде ушул эпизод дагы бар.

Жогорку Кеңеш 27-июнь күнү Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыраткан. Мындай чечимди 103 депутат колдоп берсе, 6 депутат каршы чыккан.

Бардыгы 13-июнда парламентте түзүлгөн атайын комиссиянын ишинен башталган. Анын мүчөлөрү бир нече жыйын куруп, натыйжада Атамбаевдин алты кылмышка тиешеси бар болушу ыктымалдыгын жарыялашкан. 20-июнда болсо Жогорку Кеңеш бул бүтүмдү колдоп берип, Башкы прокуратурага жөнөткөн. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Мурдагы президенттин айланасындагы окуя тууралуу толук маалымат алгыңыз келсе, Sputnik агенттиги даярдаган кыска-нуска роликке көз чаптырыңыз.

Тема:
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)

Тема боюнча

Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
Атамбаевдин жактоочусу сурак тууралуу: чакыруу кагазы мыйзамсыз
Белгилер:
жактоочу, күбө, сурак, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ