00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул: кимдер укуктуу жана канча төлөнөт?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Матраимовдордун фондуна акчалар кайдан которулган. Финполдун маалыматы

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationБанкноты доллара США
Банкноты доллара США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы полициясы журналисттик иликтөөдө айтылган, «сыртка чыгарылды» делген миллиондогон долларларды текшерди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу сотко чейинки териштирүү иштеринин айрым жыйынтыктарын жарыялады.

Финпол "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакуновдун Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар компаниялар аркылуу ири суммадагы акчалардын өлкөдөн чыгарылып кетиши жөнүндө журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерип жатат.

"Тергөө органдары Али Токтокуновдон жалпы 22,7 миллион долларлык банктык документтерди алды. Бирок иликтөөдө айтылган негизги документтерди журналист дагы деле бере элек", — деп айтылат маалыматта.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Saimaiti Aierken (Айэркин Саймаити) аттуу жеке ишкердин, "Абдыраз" ЖЧКсы жана Wufuli Bumailiyamu (Вуфули Бумаилиамуну) деген ишкердин 11 банктагы каражаттарынын которулушун текшерген.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финчалгындоонун башчысы Матраимов менен куда экенин кантип танган? Аудио
"Жалпысынан жеке жана юридикалык тараптардан 519 миллион 560 миң долларлык 2 303 акча которуу операциясы ишке ашкан. Акча каражаттарын которууда башка валюталар (сом, рубль, евро) да пайдаланылган. Кийин алардын бардыгы конвертация болгондо 646,9 миллион долларды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Saimaiti Aierken, Wufuli Bumailiyamu жана "Абдыраз" ЖЧКсынын эсептеринен чет жакка 2 631 которуу болгон. Алар негизинен текстиль продукциялары, мотор майлары, тетиктерге жана башкаларды чет жактан сатып алуу үчүн салынган.

Учурда Финансы полициясы аталган маалыматтар боюнча салыктык текшерүү дайындады.

"Ошондой эле журналисттик иликтөөдө Исмаил Матраимов атындагы фондуга Saimaiti Aierken менен Wufuli Bumailiyamu аттуу жеке ишкерлер 2,3 миллион доллар которгон деп айтылган фактылар такталган жок", — деп айтылат.

Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Матраимовдор кланы миллиондорду сыртка алып чыгуудабы? Финполдун жообу
Текшерүү учурунда аталган фондунун эсебине 2014-жылдан 2019-жылга чейин 1 миллион 439 миң доллар жана 221,6 миң сом которулганы аныкталган.

Ошол эле учурда финполиция Wufuli Bumailiyamu фондуга 200 миң доллар которгону банктык документтер аркылуу тастыкталганын билдирди.

"Андыктан, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Али Токтакуновдон видео иликтөөдө айтылган бардык документтерди берүүнү талап кылат. Ал боюнча тергөөчүлөр дагы бир нече жолу кайрылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Эсепке төмөнкү жеке тараптар менен юридикалык жактар акча которгон. Алардын аттарынын инициалы гана берилген:

  • Ж. М. — 10 миң доллар;
  • М. Ч. — 10 миң доллар;
  • W. B. (Вуфули Бумаилиамуну) Стамбулдан — 200 миң доллар;
  • D. A. Стамбулдан — 170,6 миң доллар;
  • S. C. K. G. Стамбулдан — 140 миң доллар;
  • A. G. T. F. Бириккен Араб Эмирлигинен — 160 миң доллар;
  • A. A. Өзбекстандан — 500 миң доллар;
  • R. J. Стамбулдан — 200 миң доллар;
  • P. O. Москвадан — 49 миң доллар;
  • М. Р. — 221,6 миң сом.

Финпол Исмаил Матраимов атындагы фондунун да ишмердигин текшерип, фонду кайрымдуулук менен гана алектенерин жана кандайдыр бир экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбей турганын аныктаган. Фондунун Кыргызстандагы банктардын биринде жеке эсеби бар, келишимге ылайык, ага ар бир жаран өз ыктыяры менен акча сала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0