ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот

© Sputnik / Владимир ТрефиловАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер эмгек мигранттарына пенсия төлөй турганы айтылды.

Күз айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин пенсия жаатындагы келишимине кол коюлары күтүлүүдө. Документ ушул жылдын март айында түзүлгөн. Ага ылайык, мигрант иштеп жаткан өлкөсүнүн пенсия фондусуна акча которсо, ошол мамлекет ага пенсия төлөй турганын россиялык ЖМКлар жазып чыккан.

Бул чечимдин Кыргызстанга пайдасы гана тийгени турат. Анткени бизден кеткен эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда. Расмий маалыматтарга караганда, алардын саны 600 миңден ашат.

Sputnik Кыргызстан аларга иштеген өлкөсүнөн пенсия алуунун жол-жобосун түшүндүрүп берет.

Маалымат "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо" келишиминин долбоорунан алынды.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсия кантип чогулат?

Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты - инфографика - Sputnik Кыргызстан
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты
Арменияда пенсия алыш үчүн жаран бардык салыктарды жана жыйымдарды төлөп турушу керек. Белоруссия, Россия жана Казакстанда милдеттүү пенсиялык фондго төлөмдөр жүргүзүлөт. Кыргызстанда деле шарт ушундай. Болгону биздин жарандар мамлекеттик пенсия топтоочу фондусуна дагы каражат чогулта алат.

Иштеген өлкөдөн кетип калса пенсия албай калабы?

Мурда иштеген өлкөсүнөн кетип, башка жакта жашаган кишиге ал мамлекет пенсия төлөп берүүдөн баш тарта албайт. Ошондой эле пенсиянын көлөмүн азайтып же мурда берилип жатканын токтотуп коюуга акысы жок.

Кайсы өлкөнүн мыйзамы менен берилет?

Пенсия курагына жетип калган адам документтерин өз ыңгайына карап, учурда жашап жаткан же иштеген өлкөнүн тиешелүү органдарына тапшырат. Кандай болгон күндө дагы кагаздар пенсия берчү мамлекетке жөнөтүлөт. Пенсия алуу укугу жана каражаттын өлчөмү ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашат.

Пенсиянын кайсы бөлүктөрү төлөнбөшү мүмкүн?

Биримдикке мүчө мамлекеттердин ички мыйзамдарына ылайык, киши анын аймагында жашабаган учурда пенсиянын айрым бөлүктөрү төлөнбөйт. Мисалы, Кыргызстанда — базалык бөлүгү. Кеп бюджеттен алынган 1,5-2 миң сом жөнүндө болуп жатат. Аны 25 жылдык эмгек стажы бар эркектер, 20 жылдык эмгек стажы бар аялдар алат. Иштеген мөөнөтү андан азыраак болсо, бул сумма дагы кыскарат. Ошондой эле бюджеттен кошулчу ар кандай төлөмдөр алып салынат. Ал эми Россия өз аймагында жашабагандарга пенсиянын камсыздоочу бөлүгүн жана ага кошумча болчу төлөмдөрдү бербейт. 2018-жылдагы маалыматка караганда, пенсиянын бул бөлүгү орто эсеп менен 14 миң рублди түзөт.

Пенсия кантип көбөйтүлөт?

Пенсияга кошумча төлөм кошуларда жарандын башка өлкөдөн (ЕАЭБдин курамындагы) алган пенсиясынын көлөмү дагы эске алынат.

Пенсия ала турган адамдын көзү өтүп кетсе эмне болот?

Мамлекетке акча которуп жүрүп, бирок ага жетпей каза болгон жарандын пенсиясын үй-бүлөсү ала алат.

Бир нече мамлекеттен пенсия алса болобу?

Адам канча өлкөдө (ЕАЭБ курамындагы) эмгектенсе, ошонун баарынан пенсия ала алат. Бир мамлекеттен алган пенсиясы экинчи же үчүнчүсүнө эч таасир этпеши керек.

Эмгек стажы пенсияга кандай таасир этет?

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтен акча которууга чектөө коюлду. Абал кыргызстандыктарга кандай таасир этет
Жаранды пенсияга чыгарчу өлкө анын өз аймагында канча жыл иштегенин аныктап, ошого жараша пенсия коюп берет. Ал эми Россия бир гана өз аймагы эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө иштеген жылдарын дагы эске алат.

Пенсияга чыгуу үчүн канча убакыт иштеш керек?

Базалык пенсияны алыш үчүн ошол өлкөнүн аймагында жок эле дегенде толугу менен 12 ай иштеш керек.

Документтер тууралуу

Пенсия бере турган өлкө документтердин өзүнүн мамлекеттик тилиндеги көчүрмөсүн талап кылууга укуктуу. Ошондой эле зарыл болгон учурда ал документтер тууралуу тагыраак маалымат алуу үчүн каалаган органга кайрыла алат. Пенсия алуучу өзү тууралуу берген жеке маалыматтар аны алган орган тарабынан сыр бойдон сакталат.

Пенсияны кайсыл учурдан баштап алса болот?

Центр содействия мигрантам в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путинден кыргызстандык мигранттарды колдоону өтүндү
Аталган макулдашуу күчүнө кирген күндөн тарта топтолгон стаж үчүн пенсияны сиз эмгектенген өлкө төлөп берет. Ал эми документке кол коюла элек учурдагы стаж үчүн пенсия 1992-жылы 13-мартта кабыл алынган "Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарын пенсия менен кармыздоо" келишиминин негизинде берилет. Ага ылайык, жаран учурда жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдары менен гана пенсияга чыга алат. Андагы шарттар менен Юстиция министрлигинин сайтындагы документтен кененирээк таанышсаңыз болот.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы куракта пенсияга чыгат?

2019-жылдын башындагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда пенсия курагы эркектер үчүн — 63, аялдар үчүн — 58 жаш. Арменияда бардыгына — 63, Белоруссияда эркектердики — 61, аялдардыкы — 56. Казакстанда 63 (эркектер), 59 (аялдар), Россияда 60 (эркектер), 55 (аялдар) жаш.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсиянын көлөмү кандай?

Расмий органдардын билдирүүсүнө караганда, Россия, Белоруссия жана Казакстанда пенсиянын орточо көлөмү — 160-220 доллар, ал эми Кыргызстан менен Арменияда 80-90 доллардын тегереги.

Жаңылыктар түрмөгү
0