08:45 23 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.7429
  • EUR95.6400
  • RUB1.0475
Коом
Кыскача шилтеме алуу
29210

Туристтик милиция 2018-жылдын соңунда түзүлгөн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Туристтик милициянын кызматкерлери Ысык-Көлгө Палестинадан келген спортчуга алгачкы ирет медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

  • Сотрудники туристической милиции оказали первую помощь спортсмену из Палестины
    Туристтик милициянын кызматкерлери Ысык-Көлгө Палестинадан келген спортчуга алгачкы ирет медициналык жардам көрсөттү
    © Фото / УВД Иссык-Кульской области
  • Сотрудники туристической милиции оказали первую помощь спортсмену из Палестины
    Омар аттуу чет өлкөлүк спортчу ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келгенин, табиятка, Ысык-Көлгө суктанып бүтө албай жатканын айтып берген.
    © Фото / УВД Иссык-Кульской области
1 / 2
© Фото / УВД Иссык-Кульской области
Туристтик милициянын кызматкерлери Ысык-Көлгө Палестинадан келген спортчуга алгачкы ирет медициналык жардам көрсөттү

Билдирүүгө ылайык, ушу тапта Ысык-Көлдө эс алуу аймактарынын биринде триатлон боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага Казакстан, Өзбекстан, Иран, Палестина жана Кыргызстандын булуң-бурчунан келген спортчулар катышып жатат. Таймаштын жүрүшүндө палестиналык спортчу бутун кокустатып алып, жолдон чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Жабыркаган спортчуну көргөн туристтик милициянын кызматкерлери ага дароо медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Омар аттуу чет өлкөлүк спортчу ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келгенин, табиятка, Ысык-Көлгө суктанып бүтө албай жатканын айтып берген.

Белгилей кетсек, туристтик милиция 2018-жылдын соңунда түзүлгөн. Ал Туризм департаменти менен биргеликте иштейт. Негизги максаты — өлкөгө келген чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздап туруу.

Тема боюнча

Ташматов: туристтик милиция жайкы сезонго даяр
Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлар текшерилүүдө. Сүрөттөр
Белгилер:
жардам, мелдеш, спорт, туристтик милиция, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ