УКМКнын тергөө абагында орун жок. Кулматов менен Ибраимовду которуу сунушталды

Жазылуу
Жактоочу тарап эгер УКМКнын тергөө абагында орун жок болсо, соттолуучуларды үй камагына чыгарууну суранууда.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүн, 21-июнда, Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.

Сот залында судья Кубанычбек Касымбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келген өтүнүч катын окуган. Анда УКМКнын тергөө абагында орун калбай калгандыктан соттолуучуларды №1 тергөө абагына которуу суранычы жазылган.

"Мындай нерселер адамды коркутуу үчүн жасалат. №1 тергөө абагындагы шарт такыр башка. Мисалы, УКМКнын тергөө абагындагы камераларда эң көп дегенде үч адам кармалса, №1 СИЗОдо 10-12ден адам отурат. Анда кримчөйрөнүн адамдары кармаларын баары билет", — деди адвокат.

Жактоочу тарап эгер УКМКнын тергөө абагында орун жок болсо, соттолуучуларды үй камагына чыгарууну суранууда.

Ал эми ведомстводон төмөнкүчө жооп беришти.

"Азырынча комментарий бере албайбыз. Эгер соттон айтылган болсо, демек ошондой", — дешти УКМКдан.

У пожилой женщины вымогали взятку — видео задержания чиновника Соцфонда - Sputnik Кыргызстан
Соцфонддун аймактык жетекчисинин орун басары пара алып кармалды. Видео
Албек Ибраимовго карата Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча, Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Ал 2018-жылдын 19-июлунан тарта камакта.

Кулматов «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 18-майында кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0