04:24 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков презентовал книгу председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина О государственном управлении на кыргызском языке

Бишкекте Си Цзиньпиндин китебинин бет ачары өттү. Жээнбековдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
70 0 0

Китепти "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусу кыргызчалаган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Си Цзиньпиндин китеби — дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидеринин кыргыз тилинде басылган "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" китебинин бет ачарында айтты.

  • Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков презентовал книгу председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина О государственном управлении на кыргызском языке
    Си Цзиньпиндин китеби — дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков презентовал книгу председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина О государственном управлении на кыргызском языке
    Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидеринин кыргыз тилинде басылган "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" китебинин бет ачарында айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков презентовал книгу председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина О государственном управлении на кыргызском языке
    Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, салтанат 8-июнь күнү өттү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Си Цзиньпиндин китеби — дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, салтанат 8-июнь күнү өттү.

Жээнбеков бир жумадан кийин Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келе турганын эске салды.

"Бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаӊы тарыхый барагын ачат. Өз ара алакабыз жогорку сапаттуу деӊгээлге көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүктү тереӊдетүү этабына өтөбүз. Саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыган бул китеп биздин коомго беш жыл мурда орус тилинде белгилүү болгон. Эми кыргыз тилдүү жарандарыбыз да бул уникалдуу китепти окуй алышат. Китепти кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына жеткирген "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусуна, анын төрайымы, экс-президент Роза Исаковна Отунбаевага чоң ыраазылык билдирем", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Си Цзиньпиндин эмгеги кытай элинин ийгиликтеринин сырын, дүйнөлүк аренадагы кытай феноменин, өлкөнүн концептуалдык философиясын, өнүгүү формуласын терең өздөштүрүүгө жол ачарын белгиледи.

Муну менен бирге өлкө башчы кылым карыткан кыргыз-кытай достугу жана коӊшулук мамилеси дагы тереӊдей берерине ишеним артты.

Тема боюнча

Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды
ТИМ: Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорго колдоо көрсөтөт
Белгилер:
бет ачар, китеп, Сооронбай Жээнбеков, Си Цзиньпинь

ЭҢ МААНИЛҮҮ