05:40 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Сары-Челек. Архивдик сүрөт

Адис: Сары-Челек коругуна элди киргизбеш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
385 0 0

Сары-Челек биосфералык коругунун директорунун уулу Алексей Виноградов көп жылдан кийин кайтып келген соң ал жактан көргөндөрүн айтып берди.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Алексей Виноградов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде, анын атасы Николай Виноградов Аркыт токой чарбасын жана Сары-Челек биосфералык коругун калыбына келтиргенин айтып берди.

Ал өз сөзүндө корук алгач уюштурулганда жаратылышка адамдын таасирин тийгизбөө негизги максат болгонун белгиледи.

"Албетте, мамлекет деген мамлекет. Сары-Челекке космонавттар жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов келип эс алганды жакшы көрчү. Мындай жогорку даражалуу кишилер жаратылышка кандай аяр мамиле кылганын жакшы билесиңер", — деди Виноградов.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнү Сары-Челекке көптөгөн машина кирип, эл көлдүн жээгине пикник уюштуруп, бал челектерди коюп жатканын кошумчалады. Анын кесепетинен жапайы жаныбарлар тоонун жогору жагына байыр алууга аргасыз болууда. Виноградов өз сөзүндө эл жергиликтүү бийликтин аракетсиздигинен көлдүн жээгин таштандыга толтуруп жатканын белгиледи. Андыктан Сары-Челекке элдин агылып келүүсүнө чектөө киргизүү керектигин айтты.

Тема боюнча

Эргешов: Сары-Челек жолуна асфальт төшөө үчүн акча бөлүндү
Белгилер:
жаратылыш, Кыргызстан, Сары-Челек

ЭҢ МААНИЛҮҮ