17:22 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5663
  • EUR78.2308
  • RUB1.1075
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Маданият министрлиги элден акча чогултат. 10 млн. сом керектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
889 0 0

Министрлик сарпталган ар бир каражат боюнча отчёт берилерин убадалады.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кайдыгер эмес кыргызстандыктардан каражат чогултуу боюнча акция баштады (краудфандинг). Учурда 10 миллион сом керек болуп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Сурамжылоо

Маданият министрлигине жол белгилерин даярдоо үчүн акча берүүгө даярсызбы?
  • Ооба, туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөмө жардам беришим керек
    26.6% (34)
  • Жок, ансыз деле салык төлөп жатпайбызбы. Акчаны бюджеттен алышсын
    68.7% (88)
  • Туризмге кызыкпайм, бийликтин өтүнүчүнө да баш оорутпайм
    4.7% (6)
Добуш бергендер: 128
Бул каражатка туристтик 200 негизги жерлерге бара турчу жолдорго белгилер орнотулат. Жарандар каалаган суммасын которсо болот. Министрликтен белгилешкендей, каражат кошкон адамдар белгини каерге коюу керектигин сунуштай алат.

Акция үчүн жумушчу топ түзүү пландалууда. Анын курамына Туризм департаментинин, турбизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Алар каражатты жана белгилердин туура орнотулушун көзөмөлгө алмакчы.

Каражат топтоо 18-майда башталып, 20-сентябрга чейин созулат.

"Акча чогулган сайын белгилер даярдала берет. Facebook социалдык тармагы аркылуу банктагы эсепке түшкөн каражаттын ар бир тыйынын жарыялап, сарпталышы боюнча отчёт берип турабыз. Бардыгы ачык-айкын болот", — дешти министрликтен.

Маалыматта эгер жолдорго белгилер орнотулса саякатчылар тез жана туура жол менен көздөгөн жерине жете алары белгиленди.

Каражатты кайда которууга болот:

Борбордук казына, каражат алуучу тарап — Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти.

БИК: 440001

Эсеп: 4402011103022720

Мындан сырткары, салым кошкусу келгендер Туризм департаментинин бухгалтериясына дагы алып барып берсе болот. Мекеме Киев көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан. Бухгалтерия саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Тема боюнча

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылат
Белгилер:
акча, туризм, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, маданият

ЭҢ МААНИЛҮҮ